Токмокто 15 млн сомдон ашык каражатка салынган асфальт жол талкалана баштады

Өткөн жылы ноябрда Токмок шаарындагы Слободская көчөсүнө төшөлгөн асфальт жол талкалана баштады. Шаар тургундары жолдун сапаты начар экенине нааразычылык билдирип жатышат

«Турмуш» басылмасы жарыялаган видео тасмада тургундардын бири 15 млн сомго төшөлгөн асфальт азыртадан талкаланып, чуңкурлар пайда болгонун айтат. 

«Асфальт жол толугу менен майдаланып кеткен, сапаты абдан начар. Чуңкурлар, жаракалар пайда болгон. Мына силерге жаңы асфальт жол жана көчөгө сапырылган 16 млн сом», — деп нааразы болду видеонун автору.

Ал эми Токмок шаардык мэриясы жолду оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 15 млн 288 миң 114 сом бөлүнгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, жолду оңдоо үчүн тендерди «Автодорстрой Групп» компаниясы утуп алып, 2023-жылы 1-октябрдан тарта 17-ноябрга чейин асфальттоо иштерин жүргүзгөн

Слободская көчөсүнүн узундугу 1450 метрди түзсө, туурасы 6 метрди түзөт. Ал жерге жалпы калыңдыгы 6 сантиметрди түзгөн асфальт төшөлгөн. 

«Жаңы асфальтталган жолдо диаметри 20 сантиметр болгон чуңкур түрүндө асфальттын бузулган жери аныкталды. Мэриянын жана жол-техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия бул мүчүлүштүктү каттап, асфальттоо ишин жүргүзгөн ишканага билдирди. Жолдун башка жагынан кемчилик тапкан жокпуз. Биздин келишим боюнча үч жылга чейин ушундай кемчиликтер пайда болсо, биз оңдоп берүүгө милдеттүүбүз», — деп айтылат билдирүүдө. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2023-жылдын октябрь айында Чүй облусунда асфальт төшөлгөн жолдордун тизмесин жарыялаган

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Министр Ноокаттын жолу толук бүтпөгөнү боюнча түшүндүрмө берди

«Мамлекетке 2 млн 683 миң сом зыян келтирди». Ошто жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды