Министр Ноокаттын жолу толук бүтпөгөнү боюнча түшүндүрмө берди

Ош — Ноокат — Раззаков эл аралык маанидеги унаа жолун оңдоо иштери уланат. Бул тууралуу 9-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, эми унаа жолдун эки тилкесинде курулушу каралган көпүрөлөр салынып, жол четине лотокторду орнотулуп, тротуар салынат. Буга чейин белгиленген планга ылайык, жарыктандыруу иштери жүрөт.

Ошондой эле министр, эл аралык макамдагы жолдун интенсивдүүлүгүн эске алуу менен жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дагы 6 сантиметр калыңдыктагы асфальт төшөлөрүн айтты.

«Ал эми жолдун кичинекей бөлүгүн тасмага тартып алып, “бат эле бузулуп калды” деген жарандарыбызга да түшүндүрмө бере кетсем. Жасалып жаткан жолдо пайда болгон майда кемчиликтер бул кадыресе көрүнүш. Жол салуу үчүн түзүлгөн келишимде кемчиликтерди аныктоо, аны оңдоо үчүн атайын деффектик мезгил каралган. Аныкталган кемчиликтер подрядчы тарабынан жасалат. Ошондой эле жол колдонууга берилгенден кийин дагы кепилдик мөөнөтү болот. Бул мыйзамда да белгиленген», — деди ал.

Сентябрдын башында соцтармактарда Ош — Ноокат — Раззаков жолу толук бүтпөгөнү, жолдун айрым бөлүктөрү бузула баштаганы тартылган видеолор тараган. Видеолордун биринин автору «асфальт баткактын үстүнө төшөлгөнүн, беш күндө эле үбөлөнүп, беш жеринен оюлуп калганын» айткан. 

Ош — Ноокат — Раззаков жолунун курулушу

Эл аралык макамдагы Ош — Ноокат — Раззаков жолун калыбына келтирүү иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган

Оңдоо иштери мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражатка «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде жүргөн. Сентябрь айына чейин жалпы 13 чакырым жолго 9 см калыңдыктагы асфальт басылган.

Ош — Баткен — Раззаков жолунун Ноокат районундагы бөлүгүнүн 47 километрин оңдоо иштери 2022-жылы апрель айында башталып, тендерди жапониялык JICA уюму уткан. Бирок жолду оңдоо боюнча долбоору ишке ашпай калган.

Ошол учурда жолдун боюна «мыйзамсыз чыгып кеткен» делген 132 курулуш алынып, анын ичинде жергиликтүүлөрдүн турак жайлары, короолорунун бөлүктөрү, дүкөндөр жана ашканалар бузулган

Бирок тургундар кызыл сызыктан чыкты деп бузулган курулуштардын мамлекеттик актылары бар экенин айтып, турак жайларын тикелөө үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылышкан. Аны менен катар тургундар милиция тарабынан коркутууга кабылганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: Жолду оңдоодо турак үйлөрү бузулган тургундар коркутууга кабылганын айтышты