Кошуналарга канча суу керек болсо, ошончо беребиз — Президент сугат суунун тартыштыгы тууралуу

Президент Садыр Жапаров.

22-январда президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине өлкөдөгү сугат суунун тартыштыгы тууралуу маек курду. Ал «көйгөйдүн келип чыгышын суу топтоочу жайлар тазаланбай, толуп калганы жана суунун аз топтолгону менен» түшүндүрдү.

Жапаров өлкө боюнча жаңы суу топтоочу жайларды курууга тапшырма бергенин белгиледи.

«Өткөндө Бишкектин ичин каптап кеткен сууларды көрдүңөр го. Жогору жакта тосуп алар БСРлер жоктугунан, шаардын ичине чейин агып келип, көчөлөрдү каптап жатат. Эгер БСР болгондо, ошол суулардын баары топтолуп калат эле да. Мындай көрүнүш өлкөбүздүн бардык аймактарында болуп жатат. Эгер ушинтип кышта пайдасыз агып жаткан сууларды сактап калсак, кошуналарга да суу кенен жетмек. Биз келечекте суу талашпай, кыштын күнү пайдасыз агып жаткан сууларды үнөмдөп алуу максатын көздөп жатабыз», — деди ал. 

Аны менен катар, өлкө башчысы «коңшу өлкөлөргө канча суу керек болсо, ошончо беребиз — бул турган иш» деп белгилеп, «өзүбүздү эле эмес, кошуналарды дагы ойлоп иш кылып жатабыз» деп кошумчалады.

«Түбөлүк кошуна болгондон кийин түпкүлүгүн да ойлошубуз керек. Анан “биз суу башында турабыз, суу бербейбиз” деген акылга сыйбаган иш. Баарыбыз бир тууган элбиз, түбөлүк кошунабыз, бири-бирибизге көп нерселерден көз карандыбыз», — деди ал.

Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө аны кышында электр энерсиясын алууга иштетип, сугат мегзилинде Токтогул ГЭСине чогулган сууну кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот деп белгиледи. 

«Азыр биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алыш үчүн иштетебиз дагы, жайдын күнү жабууга туура келип жатат. Себеби суу топтобосок, кийинки кышта өзүбүз электр энергиясыз калабыз. Мына ушундай проблемаларды чечиш үчүн иш алып баруудабыз», — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери жаан-чачын аз жаап, кургакчылык болгондуктан дыйкандар бир топ кыйынчылык тартышкан. Маселени бийликке жеткирүү үчүн алар митингдерди да өткөрүшкөн.

Өткөн күздө кыргыз бийлиги суунун тартыштыгынан улам Киров суу сактагычынан Казакстанга сугат суу берүүнү токтотуп, кийин кайра жанданткан. Анда коңшу өлкөдө да сугат суу маселеси курч экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр Кыргызстанга кандай таасир этүүдө?

Глобалдык жылуулук быйыл Кыргызстанга кандай таасирин тийгизди?