Айыл чарба министрлиги: Киров суу сактагычынан Казакстанга сугат суу берүү убактылуу токтотулду

Кыргызстан Киров суу сактагычы аркылуу Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине таянып 13-августта «Азаттык» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, тараптар мындай келишимге 7-19-июль күндөрү Бишкекте өткөн жолугушууда жетишкен. Анда эки өлкөнүн өкүлдөрү суу маселесин талкуулашкан.

Жолугушууда казак тарап Талас дарыясында суунун көлөмү аз болгондуктан Жамбыл облусундагы эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын белгилеп, Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө коё берүүнү өтүнгөн.

«Кыргыз тарап бизде да эгин талаалары куурап жатканын себеп кылып, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген. Ошондой эле казак тарапка эгер сууну секундуна 45 куб метрден коё бергенде Казакстандын жалпы 3,54 млн куб метр лимити 4-августта аягына чыгары эскертилген. Ага карабай, казак тарап өтүнүчүнөн баш тарткан эмес. Жыйынтыгында эки тарап августтун 2-декадасынан тартып Казакстанга суу берилбей турганын ачыктаган протоколго кол коюшкан», — деп айтылат билдирүүдө

Айыл чарба министрлиги азыркы тапта Таласта да сугат суу маселеси курч бойдон турганын белгилешти. Учурда Киров суу сактагычына секундуна 1,3 куб метр гана суу агып кирүүдө — былтыр ушул маалда бул көрсөткүч 13,7 куб метрге жеткен.

Буга чейин Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстан суу берүү токтотулганын билдирген. Анда коңшу өлкө суу сактагычтан секундасына 45 куб метр суу бериши керек болсо, азыр бир да куб метр суу өтпөй жатканы айтылган.

Сугат суунун тартыштыгынан улам Казакстандын түштүк бөлүгүндө буудай, кант кызылчасы жана пияз айдалган 4 миң гектар талаа кургап калуу коркунучунда экени белгиленген.

Августтун башында Орто-Токой суу сактагычындагы суу Казакстанга сатылып жатат деген маалымат тарап, аны Айыл чарба министрлиги төгүндөгөн болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айыл чарба министрлиги: Сууну Казакстанга келишим боюнча берип жатабыз