Сугат суу тартыштыгынан улам Чүй облусунун дыйкандары митингге чыкты

27-июнда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында Чүй облусунун Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суу жетишсиздине нааразы болуп митингге чыгышты.

Митингге ондон ашык адам келди. Алар айдоо аянттары убагында сугарылбаса фермерлер жүз пайыз түшүмдүн ордуна 20-30% гана түшүм аларын айтышты.

«Азыр сугарып калбасак, эртең бизге суунун деле кереги жок. Айдаган жерибиз күйүп кетип, түшүм аз болуп калат. Жүз пайыз түшүм ала турган жерден 30 же 20 пайыз эле жыйнап калышыбыз мүмкүн. Аны менен биз бала-чаканы бага албайбыз. Мээнет талаага кетет», — деди акцияга чыккандардын бири Сапар Тасмаев.

Митингге чыккан дыйкандар менен Суу ресурстары кызматынын башчысы Алмазбек Сокеев жолукту. Анын айтымында, 17-июндан тартып, дарыяларда суунун деңгээли азайып, сугат суу жетпей калган. Кыдыкеев кечкисин айрым райондорго суунун агымын азайтып, суу жетпей жаткан башка райондорго буруу менен көйгөй чечилерин билдирди.

«Кечинде башка райондорго суу берүүнү азайтып, суу жетпеген райондорго берип маселени чечебиз. Башка жолу жок. Көйгөй суунун аздыгында эмес, жердин нымдуулугунда болуп атат. Былтыр мөңгү аз болгон. Быйыл жакшы. 17-июнга чейин нымдуулук жакшы болуп көйгөй жаралган эмес. Ошондуктан жердин нымдуулугун сакташ керек», — деди Кыдыкеев.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 20-январдагы брифингде 2022-жылы өткөн жылдагыдай эле сугат суусунун тартыштыгынан «кыйынчылыктар болот» деп билдирген.

Ал фермерлердин ишин жакшыртуу жана эгин талааларын сугаруу көйгөйүн жоюу үчүн ведомство ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү иштерин баштаганын айткан.

«Биздин кызматкерлердин чарбалар ортосундагы тармакты даярдоосуна 1 миллиард сом бөлүнгөн. Биз жергиликтүү бийлик органдары менен активдүү иштеп жатабыз», — деген министр.

2021-жыл жаан-чачын аз жаап, кургакчылык болгондуктан Кыргызстандын фермерлери бир топ кыйынчылык тартышкан. Маселени бийликке жеткирүү үчүн дыйкандар Бишкекте митингдерди өткөрүшкөн.