Садыр Жапаров октябрь окуяларында кримтөбөл Камчы Көлбаев аны колдобогонун айтты

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев аны эмес, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду колдогонун айтты. Бул тууралуу ал 25-январда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, «криминалдар Садыр Жапаровду колдоп атат» деген жалган маалыматты ошол кезде анын атаандаштары жана «Азаттык» тараткан.

«Алардын планы мени элге жаман көрсөтүп, шайлоого чейин оюндан чыгарыш болчу. Бирок 10-15 жыл мурдагыга караганда 2020-жылы элдин көзү ачылып калган эле. Андай ушактарга ишенбей калышкан. Кандай маалымат болбосун, өздөрү талдап, тактап, чын-бышыгын билип алышчу», — деди ал. 

Жапаров Көлбаевдин Исаковду колдогонуна «толук далилдер бар» экенин белгиледи. Анын айтымында, 2020-жылдын 6-октябрында Көлбаев Исаковго “Атамбаев экөөңөр ушул унаа менен жүргүлө” деп зооттолгон «Мерседес» үлгүсүндөгү унаасын белек кылган.

«8-октябрь күнү Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына “Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула” деген кабар таратып, буйрук берген. Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз», — деди ал. 

Президенттин айтымында, 2020-жылдын 9-октябрында криминалдар менен Исаковдунбардык күчтөру биригип Ала-Тоо аянтына чыгышкан. Ошол күнү борбордук аянтта Жапаровдун жана Атамбаев, Исаков менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон бир катар саясатчылардын тарапташтарынын кагылышуусунан улам башаламандыктар орун алган.

«Эсиңерде болсо, ошол күнү карапайым эл “бириккен күчтөрдү” аянттан кубалаганда Исаков менен Атамбаев Көлбаев белек кылган унаа менен аянттан качышкан. Ошондо белгисиз бирөө травматикалык тапанча менен унааны эшикке аткан. Ал унаа ушул күнгө чейин бир жер төлөдө сакталып туруптур. Кечээ жакында табылып, унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин айтып берди», — деп белгиледи ал. 

Атамбаев болсо унааны чыныгы ок менен атып, аны өлтүрүүгө аракет кылышканын айтып чыккан. 2020-жылы тартылган видеодо ал унаадагы октун изин көрсөтүп, брондолгон кара Мерседести «менин унаам» деп атаган.

«Азаттык» басыламсы тууралуу

 Садыр Жапаров «Азаттык» басылмасы анын «бийлик башына келишиме караманча каршы турушканын» да белгиледи.

«Сырткы кожоюндарынан “каршы тургула” деген буйрук алыштыбы, ким билсин. Айтор, Садыр Жапаровду жалаң "зектер" колдоп атат деп аянтка чогулган жөнөкөй элдин баарын "зектер" деп, дүйнө жүзүнө жар салышты», — деди ал. 

Жапаров анда «жалаа жапкан маалыматка жинденип, “Азаттыкты" талкалайбыз, өрттөйбүз” деп кеңсесине жөнөгөн элди “Койгула, сабыр кылгыла” деп араң токтотуп калганын» айтты.

«Ошондон кийин эл “Азаттыкты” жек көрүп калды. Азыр кыргыз эли "Азаттыктын" көпчүлүк маалыматтарына ишенбейт. Сырттан каржылаган кожоюндарынын буйругун аткарат деп билишет. Эл азыр 20-30 жыл мурдагыдай эмес, такыр башка. Кимдин ким экенин, кандай жакшы иштер жасалып жатканын, кандай кемчиликтерибиз бар экенин эч кимге айттырбай эле беш колундай билет», — деди президент. 

Жапаров буга чейин «Азаттыкты» бир нече ирет сынга алган. Былтыр сентябрдын аягында президент басылманы чагым кылып жатат деп айыптаган

Анда өлкө башчысы басылманын «Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан Фергана шаарына таза суу тартууну көздөп жатат» деген маалыматына комментарий берип, «элдин башын айландырганга аракет кылышыптыр» деп билдирген. Басылма материалды «редакциялык стандартка жооп бербегендиктен" алып салып, кийин түшүндүрмө берип кайра жарыялаган.