Көлбаевдин өлүмү: Прокуратура күч кызматкерлеринин аракетинен мыйзам бузууну тапкан жок

Башкы прокуратура кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө УКМК кызматкерлеринин аракетинен эч кандай мыйзам бузууну тапкан жок. Бул тууралуу 31-январдагы маалымат жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Ал аскер прокурору менен атайын операция жүргүзүлүп жаткан жерге президент чалгандан кийин барганын айтты. Бирок Көлбаев алар барганда эле жок кылынып, жанындагылар кармалганын белгиледи.

«Ишти мен жана аскер прокурору көзөмөлгө алдык. Ал жерде эмне болуп жатканын айтып турдум. Президентибиз “эгер мыйзам бузуу аныкталса кылмыш ишин козгоп, карагыла” деп тапшырма берген. УКМКнын кызматкерлери аны козголгон кылмыш иши боюнча кармаганы барышкан экен. “Каршылык көрсөтүп ошондон улам атышуу болду” дегендин мыйзамдуулугун карадык. Кылмыш иши УКМКга караштуу болгон үчүн өткөрүп бердик. Себеби, бизда азыр тергөө укугу жок», — деди ал. 

Зулушев эгер «иш УКМКнын кызматкерлерине карата болсо, Аскер прокуратурасы тергей турганын, бирок андай факты аныкталбаганын» белгиледи. Ошого тергөөнү УКМК улантып жатканын кошумчалады. 

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болчу. Ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары ИИМдин каттоосунда турган

Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда УКМК тарабынан кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан кримтөбөл күч түзүмдөрүнө куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн «жок кылынганын» айтышкан. 

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлгөнүн «интернеттен билгенин» айткан. Былтыр октябрдын ортосунда ал атайын операциянын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча Аскер прокуратурасына тапшырма берген.

Дагы окууңуз: 

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады