«Каракчылык заманды унутуш керек». Президент Көлбаевдин өлүмү боюнча пикирин билдирди

16-октябрда президент Садыр Жапаров кармоо операциясы учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча пикирин билдирди. Ал операция даярдалып жатканы тууралуу ага чейин билбегенин айтты.

«Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп, "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп мага кайра чалды», — деди ал. 

Өлкө башчысы операциянын мыйзамдуу же мыйзамсыз өткөнүн Аскер прокуратурасы тергеп жатканын белгилеп, жыйынтыгын күтүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал өнүккөн олкөлөрдө «кримдүйнө деген түшүнүк жок экенин» айтып, ал «мамлекеттин эле эмес тургундардын, инвесторлордун ишине терс таасир этет» деп кошумчалады. 

«Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез арада өнүккөн мамлекет курушубуз керек. Алыс барбай эле коёлу, кошуна мамлекеттерден бир нече жылга артта калып кетиптирбиз», — деди Жапаров.

Камчы Көлбаевдин өлүмү

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгону айтылган.

Көп өтпөй УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашык мүчөсү кармалганын билдирген. Ошондой эле кримтөбөлдүн мыйзамсыз жол менен алынган мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ доллар деп эсептелип, алар камакка алынган.

УКМК кримтөбөлдүн өлүмүнөн соң түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөттү. Ал эми кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү менен кримтөбөлдөр «мыйзамдагы ууру» деген макамы менен «кылмыш чөйрөсүндөгү түшүнүктөрдөн» баш тартып, өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүнү убадалаган видеолору тарады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров: Кыргызстан бейиштин төрүндөй болот, криминал деген түшүнүк болбойт