Өзбекстандагы газ тартыштыгына байланыштуу Ош шаарынын бир нече аймагы газсыз калды

Ош шаарындагы Ак-Тилек, Юго-Восток, Авиа шаарча кичирайондорунда жана Учар айылында жаратылыш газы өчүп калды. «Ошгаз» ишканасы мындай абал Өзбекстандагы газ тартыштыгынан улам пайда болгонун 31-январда «Азаттык» басылмасына билдирди

Басылманын маалыматына ылайык, шаар тургундарына газдын өчөрү тууралуу алдын ала эскертүү берилген эмес.

«Бул көйгөй күз-кыш мезгилинде керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу жыл сайын кайталанып келет. Өзбекстандын өзүндө ресурстук базанын азайышына байланыштуу түштүк тарапка газды экспорттоо төмөндөдү. Учурда “Газпром Кыргызстан” ишканасы сүйлөшүү жүргүзүп жатат», — деди «Ошгаз» ишканасынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматов.

Үстүбүздөгү жылы январь айында Жалал-Абад шаарында былтыр октябрда тапшырылган жаңы автобустар Өзбекстанда жаралган газ тартыштыгынан улам 20 күндөй иштебей турган. Автобустар газ менен жүргөнүнө байланыштуу аны Өзбекстандын аймагынан камсыздап келишет.

Шаардык мэриядан өзбекстандык инвесторлор тарабынан автобустарга газ куюучу станциянын курулушу башталганын, ага жалпы 445 млн сом сарпталарын билдиришкен.

Кыш мезгилинде өлкөнүн түштүк аймагында жаратылыш газынын басымынын төмөндөшү соңку үч жылдан бери кайталанып келет

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда газдын жоктугунан улам жаңы автобустар каттамга чыкпай жатат

Жалал-Абадда газдын жоктугунан каттамга чыкпай калган автобустар ишин жандантты