Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын «чет элдик тыңчы» мыйзамы тууралуу катына жооп берди

Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп берди. Катты 12-февралда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук барагына жарыялады.

Буга чейин Блинкен Кыргызстандын парламенти карап жаткан «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирип, Жапаровго кат жолдогон.

Өлкө башчысы АКШнын мамлекеттик катчысына эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал Блинкендин катынын мазмунунда «өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экенин» белгиледи.

Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин парламент депутаттары көтөрүп чыкканын, максаты «өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналарын» белгиледи.

«Чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыгынан келип чыккан көйгөй бар. Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык, бейөкмөт уюмдарга каражат кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максатта жумшап жатканын көзөмөлгө алууга умтулганы жөнүндө жүрүп жатат», — деди ал.

Жапаров депутаттар демилгелеген мыйзам долбоору АКШда кабыл алынган «Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндөгү» мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин белгилеп, «эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт» деп суроо салды.

Аны менен катар, президент бейөкмөт уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн каржылоо алып иштеп жатканын кубаттаарын жана иш жүзүндө колдоорун айтты. Бирок аларга карата бир нече талап бар экенин белгиледи:

  • Кыргызстандын мыйзамдарынын, анын ичинде Салык кодексинин ченемдерин аткарууга тийиш.
  • Өкмөттүк эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары ишинин ачык-айкындыгын, салык органдарынын алдындагы отчеттуулугун камсыздоого тийиш.
  • Коом, мамлекет тигил же бул бейөкмөт уюмдун кайсыл булактан каржыланып жатканын жана ал кандай максатта жумшалганын билиши керек.

Жапаров өлкөдөгү көпчүлүк коммерциялык эмес уюмдар татыктуу жана ачык-айкын иштеп жатканын айтты. Ал «чет өлкөдөн каржыланган, курулай кыйкырганды билген бир ууч тобу жана алардын айрым өкүлдөрү грант берүүчүлөрүнө туура эмес маалымат таратып жатышат» деп эсептейт.

«Өздөрүнүн “кыйынчылыктары” жана “куугунтук көргөндүгү” жөнүндө айтып шылуунчулук кылып, туура эмес маалымат бергендер чет өлкөлүк демөөрчү түзүмдөрдү адаштырып, АКШнын жана Евросоюз өлкөлөрүнүн салык төлөөчүлөрүнүн акчаларын жөн эле коротуп жатышат. Ушуга байланыштуу мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган коммерциялык эмес уюмдардын жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдаланганына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам», — деп жазды президент.

Жапаров өлкөдө «адам укугу жана эркиндиги мыйзам менен бекем корголуп жатканын өз көзү менен көрүп кетүү» үчүн АКШнын мамлекеттик катчысын Кыргызстанга чакырды.

«Биз тең укуктуу кызматташтыкты кубаттайбыз жана бардык өлкө, эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ менен да биргелешип иштөөгө даярбыз деп баса белгилейм. Болгону, менин бир эле өтүнүчүм бар — өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер», — деп катты жыйынтыктады Жапаров.

Блинкендин кайрылуусу

АКШнын мамлекеттик катчысы Жапаровго жолдогон катында «Чет элдик тыңчы» мыйзамын кабыл алуу элдин саламаттык сактоого кайрылуу жана билим алуу укугуна коркунуч туудурарын белгилеген

«Мыйзам азыркы абалында КР жарандарынын АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен бейөкмөт уюмдар тарабынан ишке ашырылып программалары аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу турмуштук маанилүү кызматтарды алуу укугуна коркунуч туудурат», — деп жазган катта Блинкен. Ошондой эле ал эгер бул мыйзам кабыл алынса, айрым америкалык уюмдар Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн экенин белгилеген.

Мамлекеттик катчы Жапаровдун «күчтүү жана өнүккөн республика куруу» боюнча көз карашын колдой турганын, бирок аталган мыйзам кабыл алынса Кыргызстанда «экономика, саламаттык сактоо жана таза энергия булактары жаатындагы» эл аралык программалардын колдоосу азайып кетиши мүмкүн экенин кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Британиянын элчиси «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирди

БУУ кыргыз бийлигин «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөдү