Британиянын элчиси «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирди

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер эгер Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган «Чет элдик тыңчы» жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса, анын өлкөсүнүн Кыргызстандагы жарандык коомго көрсөткөн колдоосуна тоскоолдук жаралып калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» 30-октябрда элчи менен өткөн басма сөз жыйынга таянып жазды.

«Биз элчилик катары да буга чейин мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануу билдиргенбиз. Азыр да бул боюнча БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кыргыз бийлигине жолдогон кайрылуу катына көңүл бурууга чакырабыз», — деп элчинин айтканын жазды «Азаттык».

Ошондой эле элчи жарандык коомдун мыйзам долбоорунун авторлоруна Батыш өлкөлөрүнө виза бербөө боюнча кайрылуусунан кабары бар экенин кошумчалады.

«Биз жакында эле виза байланыштуу петиция тууралуу уктук. Биз бул маселени талкуулашыбыз керек, бирок азырынча Кыргызстанда виза берүү саясаты өзгөргөн жок», — деди Боулер.

«Чет элдик тыңчы» жөнүндө мыйзам долбоору  

«Чет элдик тыңчы» жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары 25-октябрда биринчи окууда талкуусуз кабыл алышкан.

Документ парламентте талкуусуз кабыл алынгандан кийин медиа коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү АКШнын, Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн, Швейцария жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтерине кайрылышкан. Анда алар Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутат Надира Нарматова, конституциялык мыйзамдар комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова жана укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин башчысы Сүйүнбек Өзүрзаковдорго жана ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө визанын бардык түрлөрүн берүүдөн баш тартуу жана мөөнөтүн узартпоо маселесин кароону өтүнүшкөн. 

«Биз Кыргыз Республикасынын гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн дагы сөз, пикир, биригүү эркиндигин чектеген мыйзам долбоорлорун демилгелеп жана сүрөмөлөргөн депутаттар эч тартынбастан эле Европа жана АКШ өлкөлөрүнө барып, ал гана эмес ал жакта бизнестерди ачып, кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып, ошондой эле балдарын жана жакындарын ал жакка окууга, эс алууга, туруктуу жашоого жөнөтүп жатышканына жол берилбеши керек деп эсептейбиз», — деп белгилешкен алар.

Ошондой эле активист Умай Арыкова Change.org порталында «чет элдик тыңчы» жөнүндө мыйзам долбоорун сүрөмөлөп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары жана алардын жакын туугандары үчүн персноладык санкциялар менен визалык чектөөлөрдү киргизүүнү талап кылган петицияга кол топтоо уюштурган.   

Ал эми буга нааразы болгон мыйзам долбоорунун башкы демилгечиси, депутат Надира Нарматова 26-октябрдагы жыйында «ушуга окшогон туура эмес билдирүүлөрдү жасаган жарандардын ким экендигин аныктап, тактап, мыйзам ченемдүү чара көрүүнү» суранып, президенттин жана минкабдын Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго протоколдук тапшырма менен кайрылган,

Мыйзам долбоорунун өзү юристтер жана эл аралык коомчулук тарабынан бир далай сынга алынган — кыргыз бийлигине бир нече ирет документти артка кайтарып алуу боюнча кайрылуулар айтылган.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу бийлик бейөкмөт уюмдардын ишин «саясий» деп таанып коюшу ыктымалдыгынан улам алардын жабылышына алып келиши мүмкүн. Мыйзам долбооруна ылайык, ар бир адам «чет элдик өкүл» (кыргыз документинде «чет элдик тыңчы» деген туюнтма жок — ред.) деп таанылган «жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салуучу коммерциялык эмес уюмдун» ишмердүүлүгүнө активдүү катышканы үчүн 10 жылга соттолуп кетиши ыктымал. Бул уюмдун ишин пропагандалоо үчүн да ушундай эле жаза каралышы мүмкүн.