«400 киши көчөдө калды». «Кум-Шагыл» ишканасынын кызматкерлери митинг өткөрдү

«Кум-Шагыл» ишканасынын кызматкерлери уюштурган митинг. Сүрөт: 24.kg

15-февралда «Кум-Шагыл» ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги Максим Горький атындагы гулбакта нааразычылык акциясын уюштурду. Алар заводдун айланасындагы абалды түшүндүрүүнү жана иштөөгө мүмкүндүк берүүнү талап кылышты.

Катышуучулардын айтымында, муниципиалдык ишкана тиешелүү келишими бар экенине карабай төрт лицензиясынан ажыратылган. Ал эми 8-февралда калаа башчысы ишканага барып жумушчулардын ишин токтоткон — жарык жана суу өчүрүлүп, 400дөн ашык киши жумушсуз калган.

«Мамлекет тараптан кысым болуп жатат. Заводдо жеке менчик жерлер да бар. Карьер керек болуп жатса, карьерлерин алышсын. Бирок, иштеп, өсүп келе жаткан заводду тартып алышты», — деди митингдин катышуучусу.  

Акциянын катышуучулары менен калаанын Биринчи май райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Азамат Бейшенбаев жолукту. Ал кызматкерлерге заводго барып, маселени жеринде чечүүнү сунуштады.

Акциянын катышуучулары алгач мэрдин келишин талап кылып, кийин заводго барууга макул болуп жөнөп кетишти.

Ишканадагы кырдаал

Буга чейин аталган ишкананын кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылып, заводдун айланасындагы маселени чечип берүүнү суранышкан. Алар заводдун ишин токтотуу аракетин «рейдердик басып алуу» деп аташкан.

Адвокат Людмила Сабельникова 24.kg басылмасына мэриядагы аткаминерлер ишкананы жабууда эч кандай документ көрсөтүшпөгөнүн, ал эми кызматкерлер имаратты бошотпой жатышканын айткан.

Кийин Бишкек шаардык мэриясы «Кум-Шагыл» ишканасындагы кырдаал боюнча комментарий берип, геология комиссиясы ишкананын тоо-кен жана карьерди иштетүү боюнча бардык лицензиясын жокко чыгарганын билдирген.

«Кум-Шагыл» жоопкерчилиги чектелген коомунун заводу 12-кичи районунда жайгашкан. Ал жерде темир-бетон жана курулушка тиешелүү материалдар жасалат. Заводдун иштеп келе жатканына 60 жылдан ашкан.

Автору: Нурпаяз Абытов.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бозумчак» ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты. Комбинат октябрдан бери иштебей турат