АКШ Орусия менен байланышы бар деп дагы бир кыргыз компаниясына санкция киргизди  

АКШнын финансы министрлиги Орусия менен байланышы бар деп Кыргызстандын «УКОН» компаниясына санкция киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.
 
Алардын маалыматына ылайык, «Укон» компаниясы «Орусия Федерациясында Орусиянын аскердик-өнөр жай базасын колдоо үчүн багытталган экономикалык тармактагы ишмердүүлүк» жүргүзгөн.     

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматтык базасында «Укон» компаниясын 2022-жылдын августунда Гафар-Заде Мехти Фикрет оглу негиздегени айтылат. Негизги ишмердүүлүгү катары «дүң адистештирилбеген соода» деп көрсөтүлгөн, бирок компания так эмне сатары такталган эмес.

Кыргызстан Орусиянын Украинага кол салуусуна байланышкан маселеде бейтараптуулукту карманып жатканына карабастан иш жүзүндө өлкө бийлиги Орусия менен ар башка тармактарда, анын ичинде экономика жана соода-сатыкта тыгыз кызматташууну улантууда.

Мунун шартында АКШ жана Европа биримдигине кирген өлкөлөр Кыргызстанга бир дала жолу эскертүү берип, республика өз аймагы аркылуу Орусиянын санкцияларды буйтап өтүшүнө колдонулбашы керектигин билдирген.

АКШ 2023-жылдын июлунда дагы, Вашингтондун пикиринде, Орусияга санкциялык товарлардын жеткирилүүсүнө тиешеси бар Кыргызстандын төрт компанисына санкция киргизген.

Андан кийин эле УКМК «АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзүнүн да, мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын да тиешеси жоктун» билдирген.

Анткен менен атайын кызмат санкциялык чаралардын бузулушуна ташыган товарларынын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбей калган жеке компаниялар катыш болуп калышы мүмкүн экендигин жашырган эмес.