Мурда эки жолу соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды

Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип мурда зордуктоо жана уурулукка шектелип эки жолу соттолгон Ош облусунун 21 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 28-февралда Баткен облустук милициядан билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Баткен ОИИБ.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы айылдардын тургундарынан райондук милицияга 9 арыз түшкөн. Анда, акыркы бир ай ичинде тургундардын турак үйүнө белгисиз бирөө кирип, кол телефондорун жана баалуу буюмдарын уурдатып жатканын билдиришкен.

Бул факт боюнча «Уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 26-февралда кылмышка шектүү катары Ош облусундагы Ноокат районунун 21 жаштагы тургуну кармалды.

«Анын Кызыл-Кыя шаарындагы убактылуу иштеткен караоке жайынан далил катары планшеттер, кол телефондор жана кол сумкалар алынды» — деп билдиришти милициядан.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто дүкөнгө уурулукка кирген деп шектелип үч өспүрүм кармалды

Ошто батирлерге уурулукка кирип, тургундарга 2 млн сомдон ашуун зыян келтирген киши кармалды