Каныбек Туманбаев жашыруун камера орнотууга байланышкан айыптоого жооп берди 

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев «бейбаштыкка» шектелип жаткан президенттин тарапташы Азамат Мариповдун айткандарына жооп берди. Туманбаевдин маеги ЖМКга жарыяланды.

Анын айтымында, алгач Марипов үйлөнүү тоюн өткөрүүгө каражат сурап, өкүл ата болууну сурангандыктан 13 миң доллар акча берген. Бирок той болгон эмес, ал эми Марипов соцтармактар аркылуу каралап, шантаж кылып, улам акча сурай бергенде президент Жапаровго кайрылууга аргасыз болгонун айтат. 

«Президент Азамат Мариповду бир тууган агасы Кудрет Тайчабаров, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошуп чакырып, мен болуп президентке кирдик. Президент: «Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша» деди. Азамат Марипов президенттен экинчи кайталанбайт деп кечирим сурады. Анан президент суроо берди: «Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың дегенде, маңдайында отурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун 4 баласы бар экенин, ал жумушсуз отурганын, бир тууган карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым» деп жооп берди», — деп айтып берди Туманбаев. 

Ал эми Бишкектеги чайканалардын бирине камера коюп жатканы видеого түшүп калган адам жансакчысы экенин мойнуна алып, бирок камера орнотууга өзүнүн тиешеси жок экенин баса белгиледи.

«Чайканадагы чыр» 

Бишкек шаардык милициясынан болсо 6-апрелде коомдук тамактануучу жайлардын биринде сабалып, мыйзамсыз кармалып турганын айткан Б.Д. аттуу адамдын арызынын негизинде алты адам кармалганын маалымдаган. Алар «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү экени айтылган.  

9-апрелде президент Жапаров маек берип, «мекенчилмин» деген атты жамынып шантаж кылгандар бар экенин, буга чейин аларга «эскертүү» да бергенин айткан.

Ага чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жигердүү тарапташтары Илимбек Исраилов менен Азамат Марипов «Тагай Ата» чайканасына «мекенчилдер» чогулган жерде жашыруун камера табылганын,  «подстава» кылуу аракети болгонун айтышкан. Ал эми Марипов буга Каныбек Туманбаевдин тиешеси бар, мага чагымчыл аракеттери көргөн деп видео кайрылуу жасаган. 

Азамат Марипов фейсбуктун активдүү колдонуучусу жана социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, УКМ төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт. Соцтармакта Марипов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Адинай Марипова менен жакында эле Туризмди өнүктүрүү фондунун директору болуп дайындалган Кудрет Тайчабаровдун бир тууганы экенин жазышты