Чүйдө жеңил унаа сууга кулап, алты бала каза болду

Жайыл районундагы Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан көлгө Volkswagen Jetta үлгүсүндөгү унаа чөгүп, алты ымыркай жана өспүрүм каза болду.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, кырсык 20-июнда саат 18:30 чамасында болгон. Кара-Балта шаарынын 40 жаштагы тургуну жубайы, жашы жете элек төрт баласы жана аялынын сиңдиси, анын төрт баласы менен көлмөгө сууга түшкөнү барган. 

Айдоочу спирт ичимдигин ичип, мас абалда унаасын буруп жатып жүргүнчүлөрү менен сууга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен алты бала каза болду. Алардын сөөктөрү суудан чыгарылып, экспертиза дайындалды.

Айдоочу болсо убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милициянын айтымында, ал «көлмөдө сууга түшүүгө болбойт» деген эскертүүгө карабай, сууга түшүп, мас абалда унаа айдаган. Учурда тергөө иштери уланууда.