ӨКМ Ош — Баткен — Раззаков жолу ачылганын билдирди

Министрликтен айланма жол аркылуу эки тараптуу каттам уюштурулганын кабарлашты.

30-июнда селдин кесепетинен аталган жолдун 63-километриндеги Найман көпүрөсү кулап түшүп, жол жабылган. Көпүрө авариялык абалда болгон.

Курмандыктар менен коштолгон селдин кесепеттерин жоюуга жүздөгөн адамдар тартылды. Учурда тазалоо, издөө иштери уланып жатат.