«Клооп Медиа» эми чындап жоюлат — Бирок биз иштей беребиз!

Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 16-июлда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу маселеси боюнча акыркы чечим кабыл алды. Сот Бишкектин Октябрь райондук сотунун фонд жоюлушу керек деген чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

«Клооп Медианын» юристи Фатима Якупбаеванын айтымында, жакында фондду жоюу жана банк эсептерин жабуу процесси башталышы мүмкүн.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечимин «ушундай эле болмок» деп атады.

«Негизи биз башканы деле күткөн эмеспиз. “Клооп” эч нерсеге карабастан ишин улантат. Фондду жоюу боюнча соттор башталгандан бери соцтүйүндөрдөгү катталуучуларыбыз көбөйдү. Бизди жок дегенде бир кыргызстандык окуп жаткан чакта курч иликтөөлөрүбүздү жана бейтарап жаңылыктарыбызды чыгара беребиз», — деди ал. 

Соттук отурум өзү 16-июлда тараптардын катышуусусуз эле өткөн. Соттук коллегиянын бул чечими акыркы болуп эсептелет жана ал боюнча даттанууга болбойт. Өкүм жарыяланары менен, тагыраагы 16-июлда мыйзамдуу күчүнө кирген.

Буга чейин фонддун юристтери Октябрь райондук сотунун чечимине каршы даттанып Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок баш калаанын соту арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткенин жүйө келтирип, апелляциялык арызды кароодон баш тарткан.

«Клооп Медианын» юристтери арызында Бишкек шаардык сотунун аныктамасын жокко чыгарууну жана фондду жоюу чечими боюнча даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүнү өтүнгөн. Өз кезегинде Бишкек прокуратурасы шаардык соттун аныктамасын күчүндө калтырууну суранган. Жыйынтыгында Жогорку сот Бишкек шаардык соту «мыйзамдуу соттук акт» кабыл алган жана «аны жокко чыгарууга негиз жок» деп таап, төмөнкү баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ошол эле маалда Жогорку сот чечим кабыл алынганы боюнча бир ай бою үн каткан эмес. Фонддун юристтери ал жөнүндө 22-августта гана угушкан. «Клооп Медианын» юристтеринин айтымында, Жогорку соттон алардын телефондук чалууларына маңыздуу жооп бербей, чечимдин көчүрмөсүн да жөнөтүшкөн эмес. «Клооп» эмнеге чечим чыгары менен фондго жана юристтерине маалымат берилбегенин билүү үчүн Жогорку сотко сурам жөнөттү. Азырынча мекемеден жооп келе элек.

Прокуратуранын «Клооп Медиага» каршы доосу

2023-жылдын 28-августтунда Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө доо арыз бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган.

Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Бирок чынында уставда «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Бир катар беделдүү эл аралык укук коргоо уюмдары жана медиакоомчулук «Клоопту» коргогон билдирүүлөрдү жасашкан. Алардын баары кыргыз бийлигин басылмага каршы арызды кайтарып алууга, журналисттерге карата куугунтукту жана сөз эркиндигине карата басымды токтотууга чакырышкан.

Бирок буга карабастан, быйыл 9-февралда Октябрь райондук соту уюмдун уставында журналисттик ишмердүүлүк көрсөтүлгөн эмес деген негизде «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарган. Ошол эле маалда соттогу негизги убакыт мамлекеттик эксперт-психиатрлардын экспертизаларына арналган. Алардын пикиринде, «Клооптун» макалаларында бийликке карата «курч сын», ошондой эле өлкөдө психикалык оорулары жана «сексуалдык аномалиялары» бар адамдардын көбөйүшүнө алып келген «терс маалыматтар» бар.       

«Клооптун» журналисттери соттун чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептешет. Райондук соттун чечими боюнча жазылган апелляциялык арыздын толук тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот. Соттун чечимин бир нече эл аралык уюм айыптап, аны жокко чыгарууга чакырышкан.

«Клооп Медианы» жоюу жөнүндөгү доо арыз боюнча мамлекеттик эксперттер көрсөтмө берген эки сот отурумун бул жерден, кыска версиясын бул жерден көрсөңүз болот.