Балбан Акылбек Талантбеков спорттон төрт жылга четтетилди

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акылбек Талантбеков мелдеште допингге каршы эрежелерди бузганы үчүн 2027-жылга чейин спорттон четтетилди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнөн кабарлашты.

Допинг – спортто көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн ар кандай табигый же синтетикалык заттарды колдонуу.

Талантбеков 2023-жылдын 23-апрелинде Астанада өткөн Азия чемпионатында казакстандык Диас Календи утуп, алтын медаль тагынган.

Көп өтпөй кыргыз балбаны мелдеш алдында тыюу салынган «метастерон» каражатын колдонгону аныкталып, ошол жылдын 12-июнуна чейин мелдештерден четтетилген. Териштирүүдөн соң бул мөөнөт 2027-жылдын 11-июнуна чейин узартылды.

Эми Акылбек Талантбековдун Азия чемпионатында уткан алтын медалы каршылашы Диас Каленге өтөт.