«Генерал портерде». Ташиев Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды

22-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулуш ишин текшергени барды.

Анын Жалал-Абадды Hyundai Porter менен кыдырып жүргөн видеосун «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов жарыялап, баяндамасына «кортеж жок, генерал портерде» деп жазды.

Видеодон Ташиев жол боюндагы милиция унаасынын жанына токтоп, суроо салып, «пара алсаң жоопко тартыласың» деп эскертүү бергенин көрүүгө болот.

Ташиев 2022-жылы облустардагы күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн ӨКМдин жаңы сатып алган тик учагы менен аймактарды кыдырган болчу.

«Регион» Камчыбек Ташиевге караштуу — аны каналдын жетекчиси Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуна курган маегинде тастыктаган.