Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Медербек Сатыевди беш жылга Жогорку соттун төрагалыгына дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Кечээ Жогорку Кеңеш Сатыевдин талапкерлигин бир добуштан колдогон. Сатыев — 2013-жылы ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовго бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айыптардан актаган судьялардын бири.

Анда судьялар кеңеши актоо чечимин чыгарган судьяларды иштен мөөнөтүнөн мурда бошоткон. 2020-жылдын октябрь айында Сатыев президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Андан кийин Жогорку соттун алдындагы сот департаментинин директору болгон. Ал эми 2024-жылдын башында Жогорку соттун судьясы болуп шайланган.