Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалды

Image description

Маалыматты «Клоопко» Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырасташты. Адыл уулу ИИМ тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынды.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, Адыл уулу «Жапырт башаламандыктар», «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү, анын ишине катышуу», «Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Азырынча ИИМ менен Адыл уулунун адвокаттары бул боюнча комментарий бере элек.

Ал ортодо Sputnik Kyrgyzstan агенттиги өз булагына таянып, Адыл уулу менен чогуу дагы алты киши кармалганын жазды: «Аларга бир нече берене боюнча, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун ишине катышуу, жапырт башаламандыктарга даярдануу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча айып тагылууда».

Кубан Адыл уулу башкы прокурордун орун басары кызматынан президенттин буйругу менен 30-апрелде алынган. Ага чейин Садыр Жапаров ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, аларга Кубан Адыл уулун кызматтан алуу боюнча сунуш берүүнү тапшырган.

Адыл уулу 2021-жылы башкы прокурордун орун басары болгонго чейин прокуратурада түрдүү кызматтарда иштеген.