Депутат Акаев мугалимди ыйлаткан аялга жеңил чара көрүлгөнүн сынга алды

Image description

Депутат Жанар Акаев парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында Бишкектеги №57 мектептин мугалимин ыйлаткан аялга жеңил чара көрүлгөнүн сынга алды.

Ал мугалимди кемсинткен аялга болгону 1000 сом айып салынганын белгилеп, аны ачык кечирим суратууну талап кылды.

«Аны жазага тартып, коомчулукка көрсөтүшүңөр керек болчу. […] Миңдеген мугалимдин духу түшүп калды. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, азыр Бишкекте эле 500 мугалим жетишпейт. Ушундай боло берсе мугалимдер мектепке келеби? Биз айлыктан тышкары мугалимдердин аброюн да көтөрүшүбүз керек», — деди депутат.

Акаев адатта укук коргоо органдары жөнөкөй жарандарды кармап, камерага кечирим суратарын белгиледи. «Мында эмнеге кош стандарт мамиле болду?» — деп суроо салды ал.

Депутат мугалим менен сүйлөшкөнүн, анын мындан ары мектепте иштегиси келбей калганын кошумчалады.

Бишкектеги №57 мектептин тарых мугалимин окуучулардын биринин апасы тилдеп жатканы тартылган видео соцтүйүндөргө ноябрдын башында жарыяланган. Жыйынтыгында мугалим иштен кеткени белгилүү болгон. Билим берүү министрлиги мугалимди колдоп, педагогдорго басым жасоого жана алардын аброюна шек келтирүүгө жол берилбестигин билдирген.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы окуучунун апасын 1000 сом айыпка жыккан. Ага «мугалимди сыйлабаганы үчүн» протокол түзүлгөн.