2-декабрда 50дөн ашык айдоочу «Яндекс.Таксинин» Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чогулду. Алар компания айдоочулардан 21% комиссия алып жатканын айтып, аны 7%га түшүрүүнү талап кылышууда.
«Азаттык» айдоочуларга таянып бул пайыз коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин жазды. Таксисттер жеңилдетүү берилген кардарларга каражатты компания эмес, айдоочулар кошуп жатканын да белгилешти.
«Мисалы, айдоочу бир айда 120 миң сом тапса, анын 26 миң сомун "Яндекс", 4 миңин таксопарктар алып жатат. Жалпы 30 миң сомун эле компания алып коёт», — деди заразы болгондордун бири аталган басылмага.
Буга чейин «Яндекс» таксинин кеңсесинде тиртүү жүргөнү кабарланган. Көп өтпөй УКМК компанияга «өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качуу» фактысы боюнча иш козголгонун, тинтүү ошого байланыштуу экенин билдирген. «Яндекс.Такси» бул айыптоолорду четке каккан.
«Компания кардарларды ташыган айдоочуларга пайыздык ченди негизсиз көтөргөн, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат», — дешкен атайын кызматтан.
«Яндекс» таксини салык төлөтүү аракети
«Яндекс.Такси» — мобилдик колдонмо аркылуу такси чакырууга негизделген онлайн кызмат. Ал Кыргызстанда 2017-жылдан тартып иштей баштаган, өзү Нидерландыда каттоодон өткөн.
Таксисттер аталган сервиске каршы 2021-жылы да митингге чыккан. Алар «Яндекстин» ички саясатына жана «мамлекетке салык төкпөгөнүнө» нааразы болушкан.
Кийинчерээк бул маселе парламентте да көтөрүлүп, депутатар аталган компанияны салык төлөтүп, же ишине тыюу салуу керектигин айтып чыгышкан. Ошентип «Яндекс.Такси» 2023-жылдын башынан гана толук кантуу салык төлөп баштаган.
Былтыр аталган такси кызматынын тарифи «өтө кымбат экенине» нааразы болгондор Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына карылып, мекеме «Яндекс.Такси» кызматынын тарифин жөнгө салууну убадалаган.