«Нааразы болгондор көп». «Яндекс.Таксинин» тарифи жөнгө салынары кабарланды

«Яндекс.Такси» кызматынын тарифи жөнгө салынат. Бул тууралуу 27-июлда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, «Яндекс.Таксинин» тарифи «өтө кымбат экенине» нааразы болгондор көп. Монополияны жөнгө салуу кызматына соцтүйүн аркылуу тургундардан аталган такси кызматы «бааны кескин көтөрүп жататканы» тууралуу маалымат түшкөн.

«Буга чейин да тиешелүү иштерди жүргүзүп, “Яндекстин” жетекчилери менен жолугуп, баа саясаты, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча өзүбүздүн сунуштарды бергенбиз. Азыр талдоо жүргүзүп жатабыз», — деди ал. 

Тайлаков «Яндекс.Такси» Кыргызстанда 2023-жылдын башында гана расмий каттоодон өткөнүн билдирди. Ал бүгүнкү күндө такси кызматы «монополиялык деңгээлге ээ эмес экенин, ал үчүн рыноктун 35%ын камтышы керектигин» белгиледи.

Ошондой эле ал «Яндекстин» чет өлкөдөгү ээлери менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жана жакында аталган такси кызматынын тарифи мыйзамдуу түрдө жөнгө салынарын айтты.

«Яндекс.Таксини» салык төлөтүү аракет

«Яндекс.Такси» — мобилдик тиркеме аркылуу такси чакырууга негизделген онлайн маалыматтык кызмат. Ал Кыргызстанда 2017-жылдан тартып иштей баштаган, өзү Нидерландыда каттоодон өткөн.

2021-жылы таксисттер аталган сервиске каршы митингге чыккан. Алар «Яндекстин» ички саясатына жана «мамлекетке салык төкпөгөнүнө» нааразы болушкан.

Кийинчерээк бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутатар аталган фирманы мамлекетке салык төлөтүп же Кыргызстанда иштөөсүнө тыюу салуу керектигин айтып чыгышкан.

Ошентип «Яндекс.Такси» 2023-жылдын башынан гана толук кантуу салык төлөп баштаган. Маалыматка ылайык, ал Кыргызстанда эң көп салык төлөгөн 15 компаниянын катарына кирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Салык төлөсүн». Депутаттар «Яндекс.Такси» сервисин жабууну талап кылышты