Милиция Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда беш жаштагы кызын сабаган шектүүнү кармады. Буга чейин соцтүйүндөрдө атасы кызын чыбык менен уруп жатканы тартылган видео тараган.
Анда ал кызын чыбык менен бетке чаап, аны жалаягын өз алдынча кийүүгө мажбурлаган. Ошондой эле кызга ыйлоого тыюу салып, «дагы сабайм» деп коркуткан.
ОИИБдин маалыматына ылайык, бул боюнча милицияга кыздын апасы кайрылган. Анын айтымында, 14-ноябрда күйөөсү аны улуу кызы менен кууп чыгып, өзү уулу жана кичүү кызы менен үйдө калган.
Көп өтпөй шектүү аялына беш жаштагы кызын сабап жатканда тартылган видеону жөнөтүп, «келбесең жаман болот» деп коркуткан.
Мекемеден бул боюнча 27-ноябрда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдиришти. Маалыматка ылайык, 41 жаштагы шектүү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүнө жеткирилип, камакка алынган.
ИИМ жабыркаган эне менен балдарга соттук-медициналык, соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалганын билдирди.