5-январда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка-2 айылындагы үйлөрдүн биринде снаряд жарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, үйдүн кожойкеси снарядды короосун жыйнап жатып, үйүлгөн эски темирлер менен курулуш материалдарынын арасынан таап алган.
Жарылуудан улам аял менен анын жакын жерде турган 12 жаштагы кызы жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.
Чек ара кызматынан жарылуу болору менен инженерлер аймакты курчоого алганын билдиришти. Ошондой эле ал жерде укук коргоо кызматкерлери да иштеп жатышат. Алар кырсыктын жагдайларын аныктоо менен алектенүүдө.
«Ошол эле күнү Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугуп, тажик тарапка окуя жөнүндө маалымат берилди», — деп кошумчалашты мекемеден.
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жабырлануучулардын үйү 2022-жылдагы аткылоолор учурунда өрттөнүп кеткен.