Парламенттин 15-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш ыш маселесин Жаңы жылдан кийин карашы керек болгонун, бирок ал күн тартибине кирбей калганын билдирди.
«Биз талкууну ыш маселесинен баштайлы дегенбиз, бирок тилекке каршы, ал бул жумадагы күн тартибине кирбей калды [...] Жарандар ышты күн сайын ашканасында, интернетте талкуулоодо. Алар Жогорку Кеңеш, өкмөт, бийлик качан бул маселени чечет деп күтүп жатышат», — деди депутат.
Бекешев төрага Нурланбек Тургунбек уулунан Жогорку Кеңеш ыш маселесин качан карай турганын сурады. Спикер маселе кийинки жумада караларын билдирди.
26-декабрда ЖК төрагасы депутаттар ыш маселесин жаңы жылдык майрамдардан кийин карай турганын айткан.
Октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышында Бишкекте ыш болбой турганын билдирген. Анын айтымында, шаардагы абанын булганышынын негизги булактары жоюлган: мончолор жана дизель менен жүргөн автобустар.
Бирок сууктун түшүшү менен Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын тизмесинин алдыңкы саптарына чыгууда. Кийинчерээк Экология министрлиги Бишкектеги абанын сапатын өлчөө жабдуулары туура эмес иштей турганын жана так эмес маалыматтарды берерин билдирген.