Казакстанда Викрам Рузахуновду кыйноого алган полиция кызматкерлери соттолду

Казакстандын Карасай райондук сотунда 2022-жылдагы Январь окуялары учурунда кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду кыйноого алган алты полиция кызматкерине карата өкүм чыкты. Бул тууралуу 17-январда Рузахунов өзү соцтүйүндөргө жазды.

Анын айтымында, айыпталуучулардын баары тең үч жылдан эркиндиктеринен ажыратылып, сот залында камакка алынды.

«Ошондой эле моралдык зыян тууралуу доо арыз жазган 44 жабырлануучунун бир нечесинин арызы жарым-жартылай канааттандырылды», — деди ал.

Рузахунов полиция кызматкерлерине чыккан өкүм адилеттикке карай жасалган кичинекей гана кадам экенин белгиледи.

«Казакстанда адам укуктары үчүн күрөш система дайыма каршылык көрсөтүп жаткан шартта уланууда. Кандуу январь айыга элек жара бойдон калууда. Бирок бүгүн жарым-жартылай болсо да адамдын ар-намысына каршы жасалган кылмыштарды моюнга алууга жана жазалоого карай бир кадам жасалды», — деди музыкант.

Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, сот кармалган жарандарды кыйноого алуу иши боюнча полициянын мурдагы кызматкерлери Бауыржан Сопаковго, Арман Шойбековго. Олжас Айдархановго, Серик Турпановго, Нурсултан Хамитовго жана Алматы шаардык полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбековго карата айыптоо өкүмүн чыгарды.

Викрам Рузахунов 2022-жылдагы Январь окуялары учурунда кармалып, Казакстандын укук коргоо кызматкерлери тарабынан катуу сабалган. Анда мамлекеттик «Хабар 24» телеканалынын эфиринен анын жумушсуз экенин, Алматыдагы башаламандыктарга 200 доллар үчүн катышканын айткан кайрылуусун көрсөтүшкөн.

Бир айдан кийин музыкант Казакстанда кармалгандан кийин аны кыйнап, кабыргаларын сындырып, телеканалда көрсөтүлгөн видеокайрылууну айтууга мажбурлашканын билдирген. Ошол эле жылдын июль айында экспертиза казак полициячылары Рузахуновдун саламаттыгына оор зыян келтиргенин аныктаган.