Рузахунов экспертиза ага оор залал келтирилгенин аныктаганын билдирди

Викрам Рузахунов. 

Казакстандын Алматы облустук атайын прокуратурасында Кыргызстандык джазмен Викрам Рузахуновдун иши боюнча териштирүү иши өттү. Бул тууралуу музыкант 3-мартта Фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, жактоочусу Бакытбек Автандил, «Бир дүйнө Кыргызстан» жана казакстандык «Кадыр Касиет» укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен бирге беш томдон турган кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыкты.

Рузахунов амбулатордук соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгын алганын, казакстандык адистер анын ден соолугуна оор залал келтирилгенин аныкташканын билдирди.

Ошондой эле ал шектүү полиция кызматкерлери менен бетме-бет териштирүү болгонун, ал эми мамлекеттик каналдар аркылуу тарап кеткен видео Казакстандын ИИМиндеги булактарга таандык экени аныкталганын кошумчалады.

«Такталбаган маалыматты эл алдына чыгып төгүндөө жана кечирим суроо боюнча берген суроомо “Эгер жетекчиликтен тапшырма берилсе, аткарууга даярбыз” деген жооп алдым», — деди ал.

Рузахунов аны Таргап айылындагы бекеттен кармаган кишилер буга чейин аныкталып, суракка алынганын, бул жолу алар менен жолугушуу уюштурулушу керек деп пландалганын айтты.

«Прокурордун жардачысы жаңы эле “Казакстандын коопсуздук кызматы алар тууралуу маалыматты купуя деп жашырып койгонун, бирок алардын чын эле ошолор экенин таануу үчүн аны ачыкка чыгаруу керек деп” билдирүү алганын кабарлады. Дагы бир башка жолу бар — менин ишимди жашыруун кылып коюу… Анда менин жактоочуларым үчүн маалымат алуу кыйындап калат», — деди ал.

Рузахуновдун кармалышы

Казакстандагы январь окуялары учурунда кармалган Викрам Рузахунов.

Викрам Рузахунов өткөн жылы Казакстанда болгон Январь окуяларында кармалып, кыйноого алынган. Музыкант кабыргалары сындырылганын, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

Рузахуновду кыйноо иши боюнча кылмыш иши өткөн жылдын 10-февралында козголгон. Ал эми 2022-жылдын декабрында кыргызстандык джазмен Викрам Рузахуновдун кыйноого алынганы боюнча кылмыш ишин иликтөө экспертиза дайындалгандыктан убактылуу токтотулганы белгилүү болгон.

Музыкант өзү журналисттерге 2022-жылдын сентябрь айында жактоочусу менен бирге Казакстанга барып, тергөө иштерине катышып, аны кыйноого жана мыйзамсыз кармоого катышкан полиция кызматкерлерин тааныганын айтып берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахунов менен Сыдыковду кыйноо иши боюнча күнөөлүүлөрдү тапкан жок

Викрам Рузахунов: Жылаңачтап чечинтип, автомат менен омурткага ургулашты