Президент Садыр Жапаров ЖМКда жана интернетте «жалаа жабуу, мазактоо» үчүн айып салуу жөнүндө мыйзамга кол коюп, ал «Эркин-Тоо» гезитинин 31-январдагы санына жарыяланды.
Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Парламент Укук бузуулар тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү 19-декабрда кабыл алган.
Алгач документте жалаа жабуу үчүн жеке жактарга 100 миң, юридикалык жактарга 200 миң сомдон айып салуу сунушталган.
Бирок узакка созулган талкуулардан кийин айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 20 миң, юридикалык жактарга 65 миң сомго чейин төмөндөтүлгөн.
Мындан тышкары кайсыл маалыматтын жалаа же мазактоо экенин аныктоо ыйгарым укугу Маданият министрлигинен алынып, укук коргоо органдарына берилген.
ЖМКда жана интернетте «жалаа жабуу, мазактоо» үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун Маданият министрлиги сунуштаган. Авторлордун маалыматы боюнча, акыркы кездери «ЖМКда жана интернет-ресурстарда мазактоо, жалаа жабуу учурлары көбөйдү».