Жаратылыш министрлиги 17 млн сомго электромобиль жана гибрид унааларын сатып алат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 17,1 млн сомго электромобилдерди жана гибрид автоунааларын сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү билдирүү Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Анда бул сатып алуу «Кыргызстандагы абанын сапатын жакшыртуу» (AQIP) долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатканы жазылган.

Тендерге ылайык, министрлик 8,39 млн сомго төрт электромобиль жана 8,72 млн сомго үч гибрид автоунаасын сатып алууну пландоодо. Алар келишимге кол коюлгандан кийин 45 күндүн ичинде Бишкекке жеткирилиши керек. Бардык салыктар менен бажы алымдары автоунаалардын баасына кошулуп эсептелген.

AQIP долбоору Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын мөөнөтү 2024-2030-жылдар, бюджети 50 млн доллар. Долбоордун максаты — абанын булгануусун азайтуу, экологиялык жактан таза жылытуу системаларын өнүктүрүү жана шаарды жашылдандыруу.

Буга чейин жаратылыш министри Медер Машиев ышка каршы күрөшүү үчүн алынган Дүйнөлүк банктын 50 млн доллары кандай максаттарга жумшалары жөнүндө маалымат берген. Анын айтымында, каражат жылуулук берүү маселесин чечүүгө, жашылдандырууга, ирригациялык системаларды оңдоого, ошондой эле автоматташтырылган мониторинг системаларын орнотууга бөлүнөт.

Октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышында Бишкекте ыш болбой турганын билдирген. Анын айтымында, шаардагы абанын булганышынын негизги булактары жоюлган: мончолор жана дизель менен жүргөн автобустар.

Бирок сууктун түшүшү менен Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын тизмесинин алдыңкы саптарына чыгууда.