УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосундагы келишпестиктерге карабай, президент Садыр Жапаров генералдын туугандарына берилген 640 миллион долларлык тоннелдин курулушу боюнча мамлекеттик келишимди жокко чыгарган жок. Ал тургай, «Клооп» үч жыл ичинде долбоор эки эсеге кымбаттаганын жана аны ишке ашыруу мөөнөтү 49 жылга узартылганын аныктады.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген Төө-Ашуудагы экинчи автоунаа тоннели чындап эле курулат. Бул маалыматты 20-апрелде Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен жолугушуу учурунда тастыктады. Президенттин айтымында, тоннель мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарты менен курулмакчы.
Азыр тоннелдин курулушу 640 миллион долларга бааланып, колдонуу мөөнөтү 49 жыл деп белгиленген. Үч жыл мурда бул долбоордун баасы 300 млн доллар болсо, ишке ашырууга 30 жыл чектелген болчу.
«Клооп» буга чейин «Ташиев атындагы тоннель» деп аталган иликтөөсүндө айтып бергендей, жолду пайдаланууга акы төлөнөт, ал эми курулушту генерал Ташиевдин жакындарына байланышкан компаниялар ишке ашырат. Курулуштун келишимине Ташиевдин өкүл баласы транспорт министри болуп турганда кол коюлган.
Аны менен катар, 2030-жылдын жай мезгилине чейин Ташиевдин жээндерине тийиштүү «Железобетон Строй» компаниясы «Авторемонт заводунун» өндүрүштүк базасын башкарууга алмакчы.
«Железобетон Строй» 2024-жылы негизделген. Ошол эле жылы, Бишкекте мамлекетке караштуу жер тилкеге курулуп жаткан «Барса» академиясынын курулушуна жалданмачы болгону жарыяланган. Болбосо, курулуш министрлигинин маалыматына караганда, бул компаниянын курулуш иштерине лицензиясы жок.
Академиянын курулушуна Камчыбек Ташиевдин башка туугандарынын дагы фирмалары аралашкан. «Барса» академиясынын франшизасы болсо УКМКнын экс-төрагасынын досторунун жана Садыр Жапаровдун тууганын компаниясына караштуу.



