Мугалимдер 3-даражадагы авариялык абалдагы мектептин имаратын жыл сайын сырттап, бир аз болсо да көрккө келтирип тураарын айтышат. Сүрөт: Хамидулло Узаков/kloop.kg

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүндө жайгашкан Курбан-Кара айылындагы Насирдин Исанов мектеби 1982-жылы ашар жолу менен курулган.

Мектеп директору Абдисултан Атаков «Клоопко» билдиргендей, имарат дөңсөө жерде жайгашып, эскилиги жеткендиктен 2015-жылы жаңы мектептин курулушу үчүн элге берилчү үлүш жерден үч гектар жер бөлүнүп берилген.

Ал арада 2016-жылы болгон жер титирөөдөн кийин мектеп 3-даражадагы авариялык абалда деп табылган. Ал эми жаңы мектептин курулушу 2018-жылы токтоп, азыркы күнгө чейин бүтпөй келет. Атаков учурда эскилиги жеткен кооптуу имаратта 1-класстын окуучулары окуп жатканын айтты.

«Учурда 42 окуучуну эски имаратта эки мугалим окутуп жатат. Эски имараттын экинчи корпусунда анчалык кооптуу эмес төрт класс бар, балдар ошол жерде окууну улантып жатышат. Бирок ал окуу бөлмөлөрүнө деле ишенич жок, кооптуу», — деди ал.

Атаков кокус дагы жер титирөө болсо учурда балдар окуп жаткан имарат толугу менен урап калышы мүмкүн дейт. Ал эми жаңы мектептин курулушу экинчи кабатына жетип токтоп калган — муну тендерди уткан компания бюджеттен жетиштүү акча бөлүнбөгөнү менен түшүндүргөн.

«Акча бөлүнсө курулуш компаниянын жетекчиси бир жылга жеткирбей бүтүрөм деп жатат. Жаңы мектептин 40 пайызга жакыны бүтүп калган», — деди мектеп директору.

«Балдарым окуган, эми неберелерим окуп жатат»

«Клооп» Курбан-Кара айылындагы Насирдин Исанов мектебинде билим алган окуучулардын ата-энелери менен быйыл март айында байланышкан болчу. Анда окуучулардын биринин таенеси Осипа Исакова бул кооптуу мектепте балдары окуп, эми неберелери окуп жатканын айткан.

«Курулганына көп жыл болду, эскирип калды. Мектеп бизге жараксыз эле болуп турат, балдарыбыз үчүн коркобуз. Эми кудай сактасын жер титиресе дагы жарака кетет, дагы шыбагы түшөт. Жаңы мектеп куруп берсе, биздин балдар да жаңы мектепке окугусу келет да», — деген ал.

Ошондой эле, ал кокус жер титирөө болсо мугалимдер балдарга кантип качып чыгууну үйрөтүп турушаарын айткан.

Ал эми мектепте үч баласын окуткан айыл тургуну Гүлнур Алиева балдары билим алышы керек болуп, башка мектеп болбогону үчүн гана ал жерде окууга мажбур болуп жатышканын билдирген.

«Каржылоо болсо иш уланат»

Курулушу токтоп калган жаңы мектептин имараты. Сүрөт: Хамидулло Узаков/kloop.kg

Мектепти куруп жаткан «Юж-Строй» компаниясынын жетекчиси Бакыт Маманов тендердин баасы 59 млн 30 миң болуп бекитилгенин, ал эми мамлекеттен 11 млн 500 миң сом гана которулганын айтат. Ошол эле учурда ал компания 18 млн 300 миң сомдун жумушун аткарганын белгилеген.

«Бизге дагы 47 жарым млн сом бөлүнсө жылдын аягына чейин бүтүрөбүз. Азыр курулуш 30 пайыздан өтүп калган. Эгер каржылоо болсо курулуш иши уланат, биз азыр ашыгы менен кылып койгонбуз», — деп түшүндүрдү ал.

Исанов мектебин курууга тендерди Ош облустук капиталдык башкармалыгы өткөргөн. Бирок Мамлекеттик сатып алуулар сайтынан аны таба алган жокпуз.

Курбан-Кара айылы жайгашкан Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы Кыял Макеев учурда биринчи класстын окуучулары 3-даражадагы авариялык абалда деп табылган кооптуу мектепте окуп жатышканын тастыктады.

Ошондой эле ал, курулуш бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнбөй калгандыктан токтоп калганын айтып, мектепти 2021-жылдын бюжетине киргизүү маселеси каралганын кошумчалады.

«Мектеп мамлекеттин 2020-жылдагы бюджетине кирбей калган. Эми 2020-жылдын күз айына киргизип беребиз деп убадалап кетишкен, ошондо 2021-жылга илешет. Бул мамлекеттик масштабда чечиле турган маселе негизи. Жергиликтүү бийлик колубуздан келишинче документтерин толуктап жибергенбиз», — деди ал.

Ал эми Кара-Суу райондук администрациясынан учурда аймакта курулушу аягына чыкпаган мектептердин саны онго жакын экенин, бюджеттен каражат бөлүнөөрү менен курулуштар аяктаарын убадалашты.

Бийлик өкүлдөрү менен тийиштүү мекемелердин берген жообунан улам Насирдин Исанов атындагы мектептин курулушу 2021-жылы дагы бүтпөй калышы мүмкүн. Анткени райондогу курулушу 70 пайызга бүткөн мектептерге биринчи иретте каражат бөлүнөт. Ал эми аталган мектептин курулуш иштери 40 пайызга бүткөн.

Кыргызстанда 2019-жылдын сентябрь айына карата өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептердин саны 190ду түзгөн — жаңы имараттардын курулушу жана ремонту үчүн 13 млрд сомдон ашуун каражат талап кылынаары маалым болгон.

Райондогу өзүн-өзү каржылоого өткөн айыл өкмөттөр

Ошол эле учурда Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак, Кызыл-Кыштак, Шарк жана Нариман айыл өкмөттөрү мамлекеттик каржылоодон чыгарылды — депутат Искендер Матраимов февраль айында каржы министрлигине айыл өкмөттөр «ийгиликтерге жетишип жаткандыктан» өзүн-өзү каржылай алаарын айтып сунуш берген — районду сегиз жылдан бери анын бир тууган иниси Тилек Матраимов жетектеп келет.

Райондук аминистрация аталган айыл өкмөттөргө бөлүнчү акчанын багытын башка каражат жетишсиз болгон аймактарга бөлүү мүмкүн эместигин айтат.


Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү үй-бүлө деп саналат. Алардын үй-бүлөсүнө тиешеси бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы быйылкы парламенттик шайлоого катышып жатат.

Авторлошу: Байкал Топчубаев

Редактору: Элвира Султанмурат кызы

                                                                              

Материал жактыбы? Сиз дагы бюджеттик мониторинг боюнча колдонмонун жардамы менен ушундай материал жаза аласыз. Андроид үчүн бул шилтеме аркылуу жүктөп алса болот.