Шайлоо 2020: «Мекеним Кыргызстан» талапкерлердин атын атады

«Мекеним Кыргызстан» партиясы талапкерлер тизмесиндеги алдыңкы 20 депутаттын атын атады. Алардын арасында таанымал саясатчылар, ошондой эле парламент үчүн жаңы адамдар да бар — мисалы, журналист Элнура Алканова жана Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн юристи Канатбек Азиз. Депутаттардын тизмесинин башында Мирлан Бакиров турат, бирок партияны Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат, ошондой эле талапкерлердин катарында депутат Искендер Матраимов да бар.

  • Депутат Мирлан Бакиров
  • Сокулук районунун акиминин экс-орун басары Улан Садалиев
  • Мурдагы маданият министри Ибрагим Жунусов
  • Бишкектин экс-вице-мэри Татьяна Кузнецова
  • Бишкектин экс-вице-мэри Бакытбек Дүйшембиев
  • Ишкер Улан Сырдыбаев
  • Депутат Марлен Маматалиев
  • Журналист Элнура Алканова
  • Депутат Жыргалбек Турускулов
  • Депутат Искендер Матраимов
  • Депутат Таабалды Тиллаев
  • Депутат Гүлкан Молдобекова
  • Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери Канат Аманкулов
  • Парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибеков
  • Юрист Канатбек Азиз
  • Юридикалык компанияны директору Бактыгүл Молдогазиева
  • Ысык-Көл районунун экс-акими Данир Иманалиев
  • Ишкер Эрлист Акунбеков
  • Ишкер Кылычбек Исамамбетов
  • Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору Гүлмира Шакирова

«Тандоо учурунда талапкерлердин кесиптик сапаттары, ошондой эле гендердик жана улуттук баланс эске алынды», — деп билдиришти партиянын штабынан 24.kg басылмасына.

*Элнура Алканова бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөөнүн авторлорунун бири болгон. Ал журналисттик иликтөө «Бажыдагы миллиондор» деп аталып, 2017-жылы чыккан. Кийинчерээк ал кыргыз саясатчылары жана аткаминерлери тууралуу дагы иликтөөлөрдү чыгарган. 2019-жылы, «Азаттыктын» 700 млн доллардан ашуун акчанын Кыргызстандан чыгарылып кетиши тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин Алканова ага каршы иликтөө жасап, иликтөөнүн автору Али Токтакуновдун колуна түшкөн айрым документтердин аныктыгына күмөн жараткан. 2020-жылы ал Матраимовдордун кланына таандык болгон кайрымдуулук фондго экспресс-тесттерди сатып алуу менен жардам бергени белгилүү болгон, кийин ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабында иштерин билдирген.

Юрист Канатбек Азиз мурда Өмүрбек Текебаевдин кызыкчылыгын коргоп келген. Кийин, таасирдүү саясий клан аткезчилик тууралуу иликтөөдөн өздөрү тууралуу тексттин бир бөлүгүн алып салууну сот аркылуу талап кылышып, иликтөөчү журналисттерди сотко беришкенде, сотто Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын Канатбек Азиз коргоору белгилүү болгон.