Кыргызстанда 190 мектеп авариялык абалда — Мамкурулуш агенттиги

Архитектура жана курулуш мамагенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев өлкө аймагында авариялык абалдагы 190 мектеп бар деп билдирди. Жаңы имараттардын курулушу жана ремонту үчүн 13 млрд сомдон ашуун каражат талап кылынат.

Мурдараак Нарын облусундагы Кеңеш айылында контейнер мектеп ачылгандыгынын айынан билим берүү министрлиги сынга алынган. Жергиликтүү бийликтин айтымында, бул «аргасыз чара», анткени жергиликтүү мектеп авариялык абалда.

Кеңеш айылындагы мектепте жалпысынан 160 окуучу окуйт. Мектеп окуучуларынын бир бөлүгү коңшу жайгашкан ашканада орундаштырылган. Бул окуянын шартында билим берүүнүн министрлик кызматынан Гүлмира Кудайбердиева кетип, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү алмашкан.