Кара-Суу: Төрт айыл өкмөт өзүн-өзү каржылоого өттү

Кара-Суу району

Ош облусунун Кара-Суу районунда төрт айыл өкмөт бюджеттик каржылоодон чыгарылды. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Капар Адиев билдирди.

Анын айтымында, Кашкар-Кыштак, Кызыл-Кыштак, Шарк жана Нариман айыл өкмөттөрү өзүн-өзү каржылай ала тургандыктан мындан ары республикалык бюджеттен акча бөлүнбөйт.

«Райондук администрация төрт айыл өкмөт өзүн-өзү каржылай ала тургандыгы боюнча Каржы министрлигине кат жөнөткөнбүз. Айыл өкмөттөр өз чыгашаларын оптимизациялап, орто жана кичи бизнес өнүккөн», — деди ал.

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджети 53 млн, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүкү 39 млн 400 миң, Нариман айыл өкмөтүнүкү 71 млн 300 миң ал эми Шарк айыл өкмөтүнүн бюджети 57 млн 800 миң сомду түзгөн.

Буга чейин депутат Искендер Матраимов район «ийгиликтерге жетишип жаткандыктан», районду жарым-жартылай өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү өтүнгөн — районду сегиз жылдан бери анын бир тууган иниси Тилек Матраимов жетектеп келет.

Ошол эле учурда аталган райондо башка айыл өкмөттөрүндө бир нече авариялык абалдагы жана курулушу бүтпөгөн мектептер бар. Муну администрация бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнбөгөнү менен түшүндүрүп келет.

Ал эми дотациядан чыгарылган төрт айыл өкмөткө бөлүнчү акчанын багытын башка каражат жетишсиз болгон аймактарга бөлүү мүмкүн эместигин айтышкан.