Кыргызстандагы эң ири болгон бийликчил КСДП партиясы ыдырагандан кийин, учурдагы депутаттардын дээрлик бардыгы партиядан чыгып же башка партияларга өтүп кетишкен. Учурдагы парламентарийлердин көпчүлүгү «Биримдикке» өтүп, келерки шайлоого ал партия менен катышарын билдиришкен.
«Биримдик» партиясы 2005-жылы пайда болгон. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири учурдагы депутат Айнуру Алтыбаева болгон. Ал «Азаттыкка» курган маегинде 2010-жылы «Биримдик» парламенттик шайлоого катышуу үчүн Феликс Куловдун «Ар-Намыс» партиясынын курамына киргенин айтып берген.
Анткен менен келе жаткан парламенттик шайлоого «Биримдик» саясий партиясы өз алдынча баратат, ал эми анын лидери болуп учурдагы депутат Марат Аманкулов шайланган. Аманкуловдун өзүнүн билдирүүсүнө караганда, аны «Биримдикти» башкаруусун «өтүнүшкөн». Ал 2015-жылы ошол убактагы бийликчил КСДПнын катарында парламенттин депутаты болгон.
«Биримдик» партиясынын катарында учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков бар болгондуктан, партияны президент менен байланыштырышат. Президенттин иниси бул партиянын тизмесинде 27-орундагы баратат. Асылбек Жээнбеков — парламенттин учурдагы депутаты. Ал Жогорку Кеңешке КСДП менен келген, бирок 2019-жылдын апрель айында партиянын лидери жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «партиялык диктатурага» айыптап, партиянын катарынан чыгып кеткен. Саясатчынын партиядан чыгышы — анын агасы Сооронбай менен Атамбаевдин араздашуусунун уландысы болду.
«Биримдиктин» төрагасы Марат Аманкулов Асылбек Жээнбековдун парламенттеги эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал vesti.kg басылмасына курган маегинде анын партиясы бийликтин партиясы эмес деп билдирген. Анткен менен, Аманкулов кошумчалагандай, ал жана партия учурдагы президенттин саясатын колдойт.
«Башкы бириктирүүчү күчүбүз болуп евразиячыл жана демократиялык социализм идеясы саналат. Эгер президент дагы ушундай ойдо болсо, анда бизди президентчил партия деп атасаңар болот», — деген Аманкулов.
Партия 2020-жылы шаардык кеңешке шайлоого катышып, көп сандагы мандат алууга жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу шайлоо өтпөй калган.
Партия эмнелерди сунуштайт?
«Биримдиктин» программасына ылайык, партия билим берүү, илим жана маданият тармагында реформа жасоону, бардык дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды электрондук каттоого алуу аркылуу саламаттык сактоо тармагын жакшыртууну сунуштап жатат. Медицина тармагындагы мындай өзгөртүүлөрдү өлкөдө коронавирус дартынын жайылышы менен пайда болгон кризиске байланыштуу деп түшүндүрүштү.
Мындан сырткары, партия жумушсуздукту жоюп, экономикалык реформа жасап, коррупция менен күрөшөбүз дешүүдө. Өзгөчө сот системасына басым жасайбыз дейт алар.
«Биримдик» санариптештирүүнү баса белгилеп, ал аркылуу «чарбалык иштер азайып, экономиканын өсүшүнө түрткү болуп, ошондой эле карапайым адамдардын жашоосу бир кыйла жеңилдейт» дешүүдө.
Санариптештирүү, сот системасын реформалоо жана коррупция менен күрөшүү президент Сооронбай Жээнбековдун саясатынын дагы өзөгүн түзөт.
Партиянын принциптери жана баалуулуктары
«Биримдиктин» программасына ылайык партиянын негизги багыты — социалдык адилеттүүлүк. Партия социалдык өлкө курууга умтулат. Анда жарандарга «татыктуу жашоо жана эркин өнүгүү» камсыздалмакчы.
Партия демократиялык социализм жана «Евразиялык тандоо» концепциясын киргизүүнү сунуштап жатат. «Евразиялык тандоо» — бул идея, саясий бирикменин пикиринде, «аймактарды, этносторду жана маданияттарды бириктирүүчү күчкө ээ».
«Бул кызматташуу интернационализм жана элдердин достугунан турат», — деп кошумчалашты партиядан.
Партияга байланышкан чуулар
Административдик ресурс жана добуштарды сатып алуу
«Биримдиктин» дарегине айтылган сындардын көбү административдик ресурсту колдонууга байланыштуу. Партия өкүлдөрү тарабынан муниципалдык, бюджеттик кызматкерлерге «басым» болуп, «Биримдик» үчүн үгүт жүргүзгүлө деген талаптар болуп жатканы тууралуу ЖМКда бир нече жолу жазылды.
Мисалга, №12 аймактык муниципалдык башкармалыктын башчысы Темир Касымов кызмат абалынан пайдаланып, кесиптештерин «Биримдик» партиясына добуш берүүгө үндөгөндүгүн Бишкек шаардык прокуратурасы аныктаган. Бирок, БШК партияга эмес, Темир Касымовго эскертүү берген.
«Биримдик» партиясынын айланасындагы чуулар бир гана Бишкекте эмес, аймактарда дагы катталды. Мисалы, Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунун бир нече мугалими, мектеп директорлору партиянын өкүлдөрү менен жолугушууга мажбурлап алып келишти деп билдиришкен.
Дагы бир жагымсыз окуя Нарын облусунда катталды. ИИМ Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусуркановго карата териштирүүнү баштады. Мусурканов айыл элине «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовго добуш бергиле деп кайрылуу жасаган. Бакасовго колдоо көрсөтсөңөр, айылга 500 миң сом алып келет деп айткан айыл өкмөтү. Бул акчага айылдыктар комбайн сатып алууну пландаган. Милиция териштирүүнү аягына чыга элек.
Улан Бакасовдун аты 29-сентябрда дагы бир ирет угулду. Анда соцтармакка Денисак Болот уулу аттуу адамдын кайрылуусу тарап кеткен. Болот уулу өзүн Миң-Кут айыл өкмөтүнүн башчысы деп тааныштырып, Улан Бакасовдун тарапташтары жогоруда аты аталган айылга суу чыгарып берүү үчүн керектелчү 700 миң сомдун 300 миң сомун бергенин айткан. Бирок, калган акчаны аталган айылдан 300 добуш чыга турган болсо берилерин убадалашкан.
Бардык учурларда партия бул эреже бузууларга тиешеси жоктугун айтып, «ачык айкын шайлоону» колдошоорун билдиришкен.
«Мекеним Кыргызстан» менен тирешүү
Партия же анын өкүлдөрү бир нече ирет биримдикчилер менен тирешке тартылган. Мисалы, «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Шайлообек Атазов «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбевди «Ошто муниципалык кызматтардын жетекчилерине басым көрсөтүп, паспорт чогулттурууда» деп айыптаган.
«Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» катышкан дагы бир окуя болуп Жалал-Абад облусундагы жаңжал эсептелет. Аксы районундагы айылдардын биринин тургундары «Биримдиктин» үгүтчүсүнө кол салып, анын «Мекеним Кыргызстандын» тарабына өтүүсүн талап кылышкан.
20-сентябрда Араванда «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» тарапкерлеринин ортосунда массалык мушташ орун алып, 12 адам жабыркаган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мушташ «Мекеним Кыргызстандын» талапкери «Биримдиктин» талапкерин «жаманатты» кылганынан чыккан. Милиция окуяны «Бейбаштык» беренеси боюнча каттап, 10дон ашык адамды кармаган. Ошондой эле БШК бул окуя үчүн эки талапкерди өнөктүктөн четтеткен. Алар «Биримдиктин» талапкери Шүкүрулло Файзуллаев жана «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Илхом Маннанов.
Ошондой эле Бишкекте мектептердин биринин мугалимдери «Биримдиктин» өкүлдөрү алардын участогунда «Мекеним Кыргызстандын» шайлоочулары катталганы үчүн нааразы болуп, ошондуктан аталган мектептин директоруна басым көрсөтүлгөнүн кабарлашкан. Мугалимдер партия админресурс колдонуу менен директорду өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын жазууга аргасыз кылды деп эсептешет.
Орусия менен байланышы
«Биримдиктин» сайтында (учурда ал иштебейт) Орусиянын президентчил партиясы делген «Единая Россиянын» уставынан алынган текст табылганы — партияга байланыштуу эң чуулу жаңжалдардын бири болгон.
«Чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар, сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык партиянын мүчөсү боло алышпайт», — деп текстте жазылган. Ошондо партиядан муну «техникалык ката» деп аташкан.
Сентябрдын аягында соцтармактарда видео пайда болуп, анда «Биримдиктин» төрагасы Марат Аманкулов 30 жылдык көз карандысыздыктан кийин Кыргызстанга «ойлонууга жана кайтууга мезгил жетти» деп айтканы тартылган.
«Партиябыздын идеологиясы — бул евразиячыл. Биз ошол жакка умтулабыз. Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү», — деп саясатчы кимдир бирөөгө айтып күлгөн.
Видео коомдук чоң резонанс жаратып, жыйынтыгында Бишкекте кыргызстандыктар эгемендүүлүк үчүн митингге чыгышкан. Митингге Орусия менен жакындашуу эгемендикти жоготууга алып келиши мүмкүн деп чочулаган тогуз партиянын өкүлдөрү катышкан.
Аманкулов өзү видеону «чагым» деп атап, анын сөздөрү контексттен бурмаланып алынганын билдирген. БШКнын жумушчу тобу Аманкуловдун видеосу боюнча арыздарын карап, «Биримдикти» шайлоо өнөктүгүнөн четтетүүдөн баш тарткан.
Партиянын талапкерлери
Эң маанилүү талапкерлердин бири — бул президенттин иниси Асылбек Жээнбеков. Ал публикага көп чыкпаган эң эле таасирлүү саясатчылардын бири. Атамбаев менен байланыштуу «Апрель» телеканалынын журналисттери Асылбек Жээнбековду «кадр бөлүм башчысынын көмүскө орун басары» деп аташкан. Ал дарегине айтылган билдирүүлөргө чанда гана комментарий берет, ал эми акыркы курган маектеринин биринде Жээнбеков өлкө башчысына таасир этээрин четке каккан.
Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Жээнбековдун иниси Асылбек депутаттык мандатын тапшырышы керектиин талап кылышкан. Анткен менен ал учурда Асылбек Жээнбеков парламенттен кетүүдөн баш тартып, «мамлекеттик иштерге жана агасынын президенттик ыйгарымдарына эч качан аралашпай турганын» билдирген. 2019-жылы басма сөз жыйында Сооронбай Жээнбеков иниси Асылбек парламенттик шайлоого катышуудан баш тартабы же жокпу деген суроого жооп берип жатып «буга кийлигишпесин» жана аны иниси «өзү чечээрин» айткан.
Ошондой эле «Биримдикке» 2015-жылы парламентке КСДПдан парламентке келген жана Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда ага колдоо көрсөтүп турган учурдагы депутаттар кирет. Бирок Атамбаев учурдагы президент менен араздаша кеткенден кийин депутаттардын көбү Жээнбековду колдоп, Атамбаевдин аракеттерин ачык эле сындай башташкан.
Партиядан шайлоого депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Евгения Строкова, Бакирдин Субанбеков, Айбек Алтынбеков, учурдагы вице-спикер Аида Касымалиева, мурдагы депутат жана «Мегакомдун» учурдагы башчысы Акылбек Жамангулов аттанды.
Төрөбай Зулпукаров — Асылбек Жээнбековдун үзөңгүлөшү. Жээнбековдун агасы президент болгондон кийин парламентте ал депутаттык кызматынан кетиш керектиги тууралуу маселе көтөрүлгөндө Зулпукаров Асылбек Жээнбековду коргогон.
«Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин, Асылбек Жээнбековдун активдүүлүгү төмөндөп кеткен. Бирок ал мурда өтө таасирдүү адам болчу», — деп айткан Зулпукаров.
Зулпукаров ЖМКларда кылмыш иштин фигуранты деп эскерилген. «Искра» басылмасы 2015-жылы жарыялаган маалыматка ылайык, Төрөбай Зулпукаров 1997-жылы милиция кызматкери болуп иштеп турганда үч теңтушу менен бирге зордуктоо боюнча кылмыш ишинин фигуранты болгон.
«Бишкек шаардык прокуратурсынын Төрөбай Зулпукаровду айыпталуучу катары тартуу тууралуу токтому бар. Шектүүнү суракка алуу тууралуу протокол бар, бул кылмыш иши боюнча соттун чечими бар. Күбөлөр көрсөтмө беришкен. Прокуратуранын айып такканы боюнча алдын ала корутундусу бар», — деп айткан «Искра» гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеев.
Зулпукаров бул маалыматты төгүндөп, анда Башкы прокуратуранын ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес деген документ бар деп билдирген.
«Эгер мен чын эле бул кылмышты кылган болсом, анда мени кудай өзү жазаласын. Мындан катуу ант жок. Бир нерсе дегенге ооз барбай жатат. Мунун баары уятсыз жалган», — деп айткан ал «Азаттыкка» курган маегинде.
Евгения Строкова хосписттерге сын айтып, ошондой эле интернетти цензуралай турган «маалыматты манипуляциялоо» чуулгандуу мыйзамын колдоп чыккандыгы менен аты чыккан. Үгүт учурунда Строкованын жүгөрү чогулткан комбайн айдаган видеосу соцтармактарга кеңири тараган.
«Митинг кылып жатасыңарбы… Биз болсо түшүм жыйнап жүрөбүз! Талаанын ханышасы!!!»— деп жазган талапкер, болжолдуу, эркиндик үчүн акцияга тийиштирип. «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирген сөзүнө нааразы болгон эл 27-сентябрда нааразычылык жүрүшкө чыккан.
Аида Касымалиева дагы ошол эле мыйзам долбоорун колдоп, ЖМКнын көңүлүн өзүнө бурду. Мурдагы журналисттин мындай кадамы көпчүлүктү таң калтырды. Мыйзам жарандык активисттердин сындаганына, Бишкекте өткөн митингге карабай үч окуудан өткөн. Президент мыйзамдын концепциясын колдоорун билдирип, бирок толуктоо үчүн артка кайтарган. Касымалиева парламентте вице-спикерликке чейин жетти. Ал алтынчы чакырылышка КСДП менен Алмазбек Атамбаевдин жактыруусу менен келген. Ага чейин «Тарыхтын татаал ашууларында» аталышындагы документалдуу фильмдердин топтомун даярдап, анда Алмазбек Атамбаевдин «маанилүү ролун жана эмгегин» баса көрсөткөн. Бул долбоорго орусиялык саясий технолог Алексей Василивецкий жетекчилик кылган. 2019-жылы Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясы күч менен алынганда, Касымалиеванын экс-президентке карата мамилеси кескин өзгөргөн. Касымалиева Атамбаевди элди түндүк-түштүккө деп бөлдү деп күнөөлөгөн.
Гүлшат Асылбаева — парламентке КСДПдан келген. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечиси. Бул мыйзамга каршы митинг гана өтпөстөн, фейсбуктун кыргыз сегменти да каршы чыккан. Ал мыйзам долбоорун коргогон пост жарыялап, анын алдына реалдуу адамдар мыйзам долбоорун чакыртып алуу сунушу менен миңдеген комментарийлерди калтырышкан. Мындан тышкары, Асылбаева 2016-жылы да артыкчылыгын көрсөтүп, өлкөдө 8000 сомдон аз айлык жок деп билдирген.
«Өлкөбүздө бирөө жарым ушунчалык аз маяна аларына күмөнүм бар. 8-9 миң сомдук маяна жок», — деп айткан Асылбаева парламенттин отурумунда. Анын билдирүүсү коомдук чоң резонанс жараткан, анткени бюджеттин эсебинен иштегендердин көбү 5 000 сом эмгек акы алышат.
Партиянын талапкери Улан Примов дагы парламенттин учурдагы депутаты, ал Жогорку Кеңешке КСДПдан келген. Анын үй-бүлөсү эң аз дегенде беш компанияга ээлик кылат, алардын төртөөсү көмүр казуу менен иштейт. Примов Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияны иликтеген депутаттык комиссияны жетектеген. Депутаттык комиссиянын токтому айыптоонун бул иштеги далилдердин бири болгон. Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция айыбы боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылган.
Талапкерлердин арасында учурда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров да бар, ал акыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун атаандашы болгон. Ошондой эле Кочкоров парламенттин V чакырылышын да депутаы. Жакында эле карылар үйүнүн директору аны кыянаттыкка айыптап, милицияга арыз берген.
«Биримдик» партиясынын тизмесинде криминал дүйнөсү менен байланышы бар делген адамдар бар. Мисалы, Талас Бегалиевди Дөө-Чыңгыз каймана аты менен таанымал болгон УКТнын мүчөсү Чыңгыз Жумагулов менен байланыштырышкан. Мурдагы милиционер ага даректелген айыптоолорду төгүндөгөн.
Тизменин 30-орунунда КСДПдан депутат Өмүрбек Бакиров баратат. 2015-жылы ЖМКларда Бакиров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат деген маалымат пайда болгон. Аны 2015-жылы Минск шаарында киши колдуу болгон кримтөбөл Алмамбет Апапияевдин өкүл баласы дешет. 2004-жылы Бакиров жана Анапияевге карата «Адам уурдоо», «Карактоо», «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Алар сотто акталган.
35-орунда КСДПнын депутаты Бактыбек Жетигенов бара жатат. 2014-жылы ИИМ башчысы Абдылда Суранчиев «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда парламенттеги жана жергиликтүү кеңештеги депутаттардын арасында УКТга катыштыгы барларынын аттарын атаган. Алардын арасында Бакыт Жетигеновдун дагы фамилиясы айтылган. Суранчиев Жетигеновдун эки жолу соттолгондугун жана УКТ лидери Алмаз Бокушевдин жакын досу экендигин ачыкка чыгарган.