Аксыда «Биримдиктин» тарапташын «коркуткан» «Мекеним Кыргызстандын» үгүттөөчүсү кармалды

Аксы району

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургундарынын ортосунда саясий партияларга үгүттөө иштерине байланыштуу чыр чыкты. Райондук милицияга 7-сентябрда 30 жаштагы Шерали Бутабаев арыз менен кайрылган.

Ал өз арызында айылдашы кечки саат 01:00 чамасында Маданият үйүнүн жанында чакырып «“Биримдик” партиясына үгүт жүргүзүүдөн баш тартып, тез арада “Мекеним Кыргызстан” партиясына өтөсүң деп талап кылды» деп жазган. Ошондой эле ал айылдашы аны уят сөздөр менен сөгүп, коркутуп, зомбулук жасоого аракет кылганын белгилеген.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан жаңжал телефонго аудио түрүндө жаздырылып интернетке тарап кеткенин билдиришти.

Аксы РИИБи окуяны «Ээнбаштык» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ошондой эле жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.

Окуяга тиешеси бар делип эки тургун кармалганы маалым болду. Алар бир айга камакка алынды.

«Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» тиреши

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Шайлообек Атазов өзүнүн фейсбук баракчасында пост жазып, анда «Биримдик» партиясынын өкүлү Азамат Арапбаевди «Оштогу кызматтардын жетекчилерине кысым жасап, паспортторду чогултканын» айткан. Ошондой эле, ал бул иштеринен кайтпаса «жаштар заправкаларын өрттөгөнү жатышат» деп эскерткен.

Оштун милициясы Атазовдун сөздөрүн экспертизага жөнөтүп, жыйынтыгында экспертиза Атазовдун сөзүндө «баш аламандыкка чакыруу» белгилери бар деп корутунду чыгарып берген. Атазовго карата Жазык кодексинин «Массалык баш аламандыктарга чакыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ошол эле учурда Ош ШИИБи «Биримдиктин» өкүлү Арапбаевдин паспорт чогултканы тууралуу маалыматтын негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергөө баштаган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Ал эми «Биримдик» саясий партиясы «бийликчил» деп саналат. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады.