Садыр Жапаров, Урмат Самаев, Аида Касымалиева

«Ала-Арча» резиденциясында 10-октябрда парламенттик кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка бекитилген. Жыйынга вице-спикер Аида Касымалиева да барган бирок көп өтпөй ал резиденциядан кетип калган.

Мунун себебин Касымалиева фейсбукта пост жарыялап, кырдаалга байланыштуу каршылык көрсөтүү деп түшүндүрдү. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин аппарат башчысына чалып эскерткенине карабастан аны жыйынга катышты деп каттап коюшканын ашкереледи.

Мындан тышкары вице-спикер ага карата жасалган коркутуулар тууралуу да билдирүү жасады. Касымалиеванын айтымында, аны депутат, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Урмат Самаев «коркуткан».

«Урмат мен силерден жана атын айтуудан коркушкан шефиңерден коркпойм. Мен азыркы күнгө чейин коомдук транспорт менен жүрөм, жалгыз жүрөм. Эгерде менин кызым менен, үй-бүлөм менен бир нерсе болсо, анда баары ушул жерде жазылган», — деди ал.

Вице-спикердин айтымында, өлкөдөгү бардык процесстер мыйзамдуу болушу кажет. Айрыкча тарыхый окуялар. Ошондой эле ал 10-октябрдагы жыйында кворум болгон жок деп эсептейт. Себеби 61 депутат жеринде болушу керектигин, калгандары болсо ишеним кат менен катышса болоорун белгилейт.

Касымалиеванын кворум тууралуу айткандарына депутаттар Дастан Бекешев жана Каныбек Иманалиев да кошулушту. Мындан сырткары, кворум жок болгонун экс-депутат Феликс Кулов да колдоду.

«Кошоматчы эркектерди карап туруп ушунчалык ирээнжидим. Тизелеген кошоматчылар. Бардык өлкө күбө болду силер жыйында эмне менен алек болгонуңарга», — деп жазды Касымалиева сөзүн жыйынтыктап жатып.

Ошондой эле Касымалиева Жогорку Кеңештин аппараты бардыгын кагаз түрүндө жарыялашы керектигин, ал эми жыйындын легитимдүүлүгү сотто каралышы керектигин белгиледи.

Касымалиева 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынан аттанган. Ал эми аны «коркуткан» «Чемпион» каймана аты менен белгилүү болгон Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Ал учурда «Кыргызстан» партиясынын депутаты.

Жапаров түрмөдөн чыккан күнү депутаттардын бир бөлүгү, алардын арасында вице-спикер, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров да бар, «Достук» мейманканасына чогулуп жыйын өткөрүшкөн. Анда Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги жактырылганы кабарланган. Ошол күнү анын жанында Урмат Самаев да жүргөн. Алар жанаша отурган сүрөт да интернетке тараган.

Бул жыйындан кийин «Ата Мекен» партиясы менен шайлоого бараткан депутат Жанар Акаев, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана башка саясатчылар Жапаровдун артында Матраимовдор менен Жээнбековдордун кланы турат деп билдирүү жасашкан.

Жапаров өзү журналисттерге курган маегинде, «Райым миллионду» — бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовду — камаймын деп убада берген.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Матраимовдордун кланына байланышы бар делет. Бул партиядан депутат Искендер Матраимов талапкер болгон.

Урмат Самаевге байланыштуу ызы-чуу

Самаевдин криминал дүйнөсү менен байланышы бар делет. Анын аты 2019-жылдын январь айында «Токмок-Автодорожный» өткөрмө пунктунда орун алган «аткезчилердин атышуусуна» тиешеси бар деп айтылган. Атышууга катышкандардын төртөөнө ар кандай беренелер менен айып тагылган.

Жаңжалдын катышуучуларынын бири Аскат Үсөнөв ок атышууга Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев менен Самаевдин тууганы катышканын билдирген. Кийинчерээк Үсөнөв президентке кайрылып, «Самаевден коргоону жана жардам» сураган.

Самаев болсо 26-январда бул окуяга «эч кандай тиешеси жоктугун» айткан. Бирок кийинчерээк ок атышуу болгондон кийин ал Токмокко барып, эки тарапты «жараштырууга» аракет жасаганын моюндаган.

Жапаровдун ордуна башка талапкерди көрсөтүү

Буга чейин 6-октябрда депутаттардын бир бөлүгү «Достук» мейманканасында чукул чогулуп, спикер катары Мыктыбек Абдылдаевди шайлап, премьер-министр катары абактан бир күн мурда тарапташтары тарабынан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырышкан болчу.

Бирок оппозициялык депутаттар бул жыйынга да катышкан эмес. Ошондой эле кворум сакталып-сакталбаганы боюнча көптөгөн шек саноолор айтылган. Мындан улам Жапаровдун премьер болушуна нааразы болгон депутаттар, саясатчылар жана шайлоого катышкан партиялардын талапкерлери, жарандык активисттер 9-октябрда митингге чыгышкан.

Парламенттик шайлоого катышкан төрт партия 9-октябрда — «Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду бирдиктүү талапкер катары көрсөтүшкөн.

Андан сырткары төрт партиянын лидерлери биринчи вице-премьерликке Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтө турганын маалымдашкан.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева резиденциядагы жыйынга чейин парламенттеги көпчүлүк коалицияга премьер-министрликке Садыр Жапаровдон башка талапкерди сунуштоого чакырган.

Ал буга чейин депутаттардын бир бөлүгү «Достук» мейманканасына чогулганда премьерликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогон болчу. Ал мындай чечимин ошол учурда өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болсун жана Жапаров бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө боло алат деп ишенгенин белгиледи. Бирок акыркы күндөрү болгон окуялар анын жеке адамдык сапаттарына карабастан терс тарабына өнүккөнүн айткан депутат учурда коомчулуктун жарымы анын талапкерлигин колдобой турганы ачыкка чыкканын билдирген.

Мөөнөтсүз митинг

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, добуштардын көбүн президенттин иниси талапкер болгон бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» алган.

Шайлоонун жыйынтыктарына жана массалык эреже бузууларга саясий партиялар да, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар да нааразы болуп, 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан.

Ошол эле күнү кечинде митинчилерди кууп таркатуулар башталып, тынчтык митинги кагышууларга айланып кеткен жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, айрым саясатчылар бошотулган.

Садыр Жапаровду эмне үчүн өкмөт башчылыкка мынчалык түртмөлөп жатышат?