6 жашар баланын сабалганы боюнча чакырууга кеч келген милиционерлер жазаланды

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алты жашар баланын өгөй атасы тарабынан сабалышы боюнча чакырууга тез чара көрбөгөн үч милиция кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

ОИИБдин маалыматына караганда, милиция кызматкерлеринин өз учурунда келбегендиги тууралуу Башкы прокуратура билдирген. Башкы көзөмөл орган милиционерлер телефон чалуудан 5-6 саат өткөндөн кийин келгенин белгиледи.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Сокулук РИИБинде иштеген милициянын капитаны сөгүш алды, анын жардамчысы жана жашы жете элек балдардын иши боюнча инспекторго эскертүү берилген.

«Толук юридикалык чечим жашы жете элек өспүрүмгө карата сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кабыл алынат», — деп белгилешти ИИББнан.

Өгөй атасы тарабынан сабалган бала

6 жашар баланын өгөй атасы тарабынан ур-токмокко алынгандыгы тууралуу маалымат 23-ноябрда белгилүү болгон. Фейсбук колдонуучусу Сокулук районуна караштуу «Поле чудес» конушунда 18-ноябрь күнү мас абалындагы өгөй атасы алты жашар баланы сабап салгандыгы тууралуу жазган.

Окуя болгон күнү баланын энеси короодо иш кылып жүргөн. Баласынын кыйкырыгынан үйгө кирип, күйөөсү наристени уруп жатканына күбө болгон.

Ошол эле күнү милиция кызматы тарабынан иликтөө иштери башталып, жогорудагы факты кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталган.

Кийин милиция кызматы алты жашар баланы сабоого шектелген өгөй атаны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Бирок жабырлануучунун энеси арызын кайтарып алган. Ал эми милициядан ага карабай тергөө уланаарын айтышкан. Сокулук райондук соту 6 жаштагы өгөй баласын сабаган тургунду эч жакка кетпөө тилкаты менен эркиндикке чыгарган.