Акыркы суткада коронавирустун жаңы 129 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Республикалык штабдан 16-январда коронавирустун жаңы 129 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 55инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 74үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 54;

Чүй облусу — 34;

Жалал-Абад облусу — 4;

Ош облусу — 9;

Баткен облусу — 3;

Талас облусу — 3;

Ысык-Көл облусу — 20;

Нарын облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 82 986га жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 27 725. Ал эми Чүй облусунда — 11 992, Ош облусунда — 8 349, Жалал-Абадда — 9 886, Ысык-Көлдө — 7 436, Ош шаарында — 5 546, Баткенде — 7 172, Нарын облусунда — 2 308 жана Талас облусунда — 2 572 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 330.

Ошондой эле, акыркы суткада 151 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 69, Чүй облусунда — 43, Жалал-Абад облусунда — 9, Ош облусунда — 2, Ош шаарында — 3, Баткен облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 18, Нарын облусунда — 3, Талас облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 78 866 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 799 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 44 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 009 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 382 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде төрт медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 150гө жетти, анын ичинен 4 050 медкызматкер илдеттен айыкты.