Садыр Жапаров: Жаңы Конституция боюнча жоопкерчилик элде дагы болот

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген маегинде жаңы Конституция үчүн биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун айтты. Андан сырткары элде дагы өтө маанилүү жоопкерчилик бар экенин кошумчалады.

Буга чейин Конституциянын автору тууралуу көп талаш-тартыш болуп, «жоопкерчиликти Конституциялык кеңешме алабы, парламент же президент алабы?» деген маселе көтөрүлгөн болчу.

«Алар [Конституциялык кеңешме] даярдап алып келип [Баш мыйзамдын жаңы долбоорун] Жогорку Кеңешке берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен аны алып чыгышты. Эң негизги, биринчи жоопкерчилик бул Конституциялык кеңешмеде болот. Андан кийин Жогорку Кеңеште жана албетте, элдин өзүндө болот. Эгер эл каалабаса бул Конституцияны кабыл албай койсо дагы болот», — деди ал.

Анткен менен Жапаров эл акыркы 30 жылда саясатты «жиликтеп чагып, үйрөнүп калганын» айтып, Конституциянын жаңы долбоорун эл референдумда колдоп берерине ишенерин белгиледи.

Жапаров Конституциялык кеңешменин курамына ар тармактан чогулган 98 киши киргенине токтолду. Ал кеңешмеде алгач 70тей эле киши болгонун, бирок кийин кошулуп отуруп 100гө чамалап барганын билдирди. Аталган Конституциялык кеңешме 2020-жылдын ноябрь айында ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тарабынан түзүлгөн. Анын курамына киргендердин көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер кирген.

Анткен менен бир катар юристтер Конституциялык кеңешмени түзүүнүн өзү мыйзамсыз экенин белгилеп, ага мүчө болуп кирүүдөн баш тартышкан. Себеби, алар Конституциялык кеңешме сунуштаган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 6-чакырылыштын депутаттары караганга, кабыл алганга укугу жок экенин айтып чыгышкан. Анткени алардын мөөнөтү 2020-жылы 7-октябрда эле аяктаган.

«Ханституциядан» Конституциянын жаңы долбооруна чейин

Учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Конституцияны өзгөртүү керектигин айтып баштаган. Ал «7-каналга» маек куруп, Кыргызстанга президенттик башкаруу керектигин жактаган болчу.

Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган. Ошол учурда Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Канат Исаев Конституциянын жаңы долбоорунун автору Садыр Жапаров экенин айткан.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, аны парламентке сунуштаган. Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун март айынын башында биринчи окууда кабыл алган. Бир жумадан кийин 11-мартта экинчи, үчүнчү окууда дароо кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш берген.

Депутат Жанар Акаев бир катар депутаттар ушул мыйзам долбооруна добуш берүү үчүн керек болсо чет жактан шашылыш учуп келгенин айткан.

Добуш берүү күнү коррупция беренеси менен айыпталып, УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынган эл өкүлү Дүйшөн Төрөкулов парламентке келген. Ал журналисттерге Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарганын айткан.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ал аткаруу бийлигин башкарат, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт. Андан сырткары президенттин администрациясын жана Коопсуздук кеңешти түзүп, аны башкарат.