Боршайком 1-апрелде депутаттар Мирлан Бакиров менен Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Бакиров башка ишке өткөнүнө байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганы белгиленген. Ал 30-мартта Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалган.
Ал эми Аманкулов депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу өзү арыз жазган. Буга чейин УКМК Аманкулов мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирген. Анын байлыгы 1,5 млрд сом деп бааланган.
Мирлан Бакиров деген ким?
Мирлан Бакиров парламентке 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын туусунун алдында келген.2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Бакиров экс-бажычы Райымбек Матраимовго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеген.
*Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар жөнүндө иликтөөсүнүн фигуранты. Ал күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп берген. Бирок өкүм жеңил болгондуктан чуу жараткан — сот Матраимовду болгону 260 миң сом айыпка жыгып, бошоткон. Учурда Матраимовго карата кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча айыпталып жаткандыктан камакта кармоо түрүндө бөгөт чарасы кабыл алынган.
«Мекеним Кыргызстан» жана бийликчил «Биримдик» партиялары шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жаткан маалда шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурсту колдонууга айыпталган.
Ушул эки партиянын шайлоодо жеңиши массалык толкундоолорго алып келип, 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда саясий кризистин жана бийликти алмаштыруунун негизги себептеринин бири болгон.
Марат Аманкулов деген ким?
Марат Аманкулов Жогорку Кеңешке 2015-жылы депутат болуп келген. Ал парламентке КСДП партиясынан шайланган. Буга чейин ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Марат Аманкулов — Өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын төрагасы болгон. Партияны экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышкан. Асылбек Жээнбеков да жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого «Биримдиктин» катарында аттанган.
Марат Аманкулов 2019-жылы Москвада Орусия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналган иш-чарада айткан сөздөрү коомчулукта катуу талкуу жараткан. Видеодо Аманкулов «30 жылдык көз карандысыздыктан кийин ойлонууга жана кайтууга мезгил жетти» деп айткан.
Аманкуловдун бул сөзүнөн кийин, Бишкекте көз карандысыздык үчүн митинг өткөрүлгөн. Ошондой эле, депутаттын үстүнөн Боршайкомго арыз берилип, аны шайлоого катыштырбоо талабы коюлган. Бирок БШК мүчөлөрү Аманкуловду шайлоого катыша берсин деген чечим чыгарышкан.
Аманкулов «Биримдиктин» төрагалыгынан 2020-жылдын декабрь айында кеткен. Анда ал эч бир партиянын курамына кирүү планы жок экенин айткан.
Аманкулов эмне боюнча айып тагылган?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аманкулов саясаттагы ишмердиги учурунда «расмий кирешелеринен бир нече эсе жогору кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болгонун» аныктаган.Тергөөнүн версиясы боюнча, депутат байлыктарын жашыруу үчүн мүлктөрүнүн бардыгын расмий тастыкталган киришеси жок туугандарына жана өзү менен байланыштуу адамдарга каттаткан.
«Ал мыйзамсыз байлыктарынын келип чыгышынын мыйзамдуулугун далилдөө максатында аларды сатып алуудан мурун финансы-кредит мекемелеринен насыя алган деп документтерди жол-жоболоштурган», — деп билдиришкен УКМКдан.
Коопсуздук комитетинин версиясы боюнча, Аманкулов өзүнүн Бишкек шаардык кеңешиндеги жана 2008-2020-жылдары парламенттеги саясий таасиринин жардамы менен байлыгын көбөйткөн.
УКМК депутаттын башка байлыктарын жана чогулган каражаттарын адалдаштырууга катыштыгы бар адамдарды аныктоо уланып жатканын белгилейт. Ал эми Коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Аманкулов мамлекетке келтирген зыяндын ордуна акча төлөй баштаганын билдирген.