«1,5 млрд сомдон ашкан байлыгы бар». Марат Аманкулов мыйзамсыз баюуга айыпталууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 19-мартта Жогорку Кеңештин депутатын мыйзамсыз баюуга айыптады. Атайын кызматтан депутат расмий кирешелеринен бир нече эсе жогору кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болгонун маалымдады.

Депутатка таандык соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттеж, 3 хан сарай, жана 5 унаа аныкталган. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сумааны түзгөн.

«Ал өзүнүн мыйзамсыз байлыктарын жашыруу үчүн туугандарына жана өзүнүн жакын тааныштарына каттатып койгон. Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында аларды сатып алуудан мурун насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген», — деп билдиришти УКМКдан.

Саясатчы 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңештеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү божомолдонууда.

Учурда депутаттын башка байлыктарын, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарды легалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсү аныктоо иштери жүрүп жатат дешти УКМКдан.

Мекеме депутаттын аты-жөнүн «А.М.А.» инициалдары менен берди. Буга Жогорку Кеңештин эки депутаты туура келет: Айнакулов Мухтарбек Айнакулович, Аманкулов Марат Аскерович. Экөө тең КСДП фракциясынан депутат болушкан.

Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан депутат Марат Аманкулов болушу ыктымал. Анткени ал Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда туулуп-өскөн. Ал эми Мухтарбек Айнакулов Чүйдөн болот. Ошондой эле бир катар ЖМКлар кылмыш иши Аманкуловго ачылганын жазып чыгышты.

Марат Аманкулов

Аманкулов

Марат Аманкулов — Өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын төрагасы болгон. «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары админресурс колдонууга жана добуштарды сатып алууга айыпталган болчу.

Аманкулов жетектеген «Биримдик» партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 24,9 % добуш алган. «Биримдик» алган добуштарына ылайык парламенттеги 120 мандаттын 46сына ээ болушу керек болчу.

Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматынан кеткен.

Марат Аманкулов 2019-жылы Москвада Орусия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналган иш-чарада айткан сөздөрү коомчулукта каттуу талкуу жараткан. Видеодо Аманкулов «30 жылдык көз карандысыздыктан кийин ойлонууга жана кайтууга мезгил жетти» деп айткан.

Кийинчерээк партиянын басма сөз кызматы Аманкуловдун сөздөрү контексттен кыркылып алынганын билдирген.

Автору: Сыймык Бекжанов