Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында мал караганы кетип дайынсыз жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-апрелдеги издөө иш-чараларына ӨКМдин Алай районундагы бөлүм башчысы, 20 жергиликтүү тургун жана бир экскаватор тартылган. Сөөк саат 09:20да табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.
Өспүрүм 2-апрель күнү мал кайтарганы кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ошол эле күнү аймакта кар көчкү түшкөнү белгилүү болгон.
Ал кар көчкү астында калганы божомолдонуп, издөө иштерине жалпысынан 200дөй киши тартылган болчу.