Башкы прокурор Курманкул Зулушев 26-апрелде соттук-укуктук реформа боюнча жумушчу топтун отурумунда прокуратурага тергөө ыйгарым укугу кайтарыларын билдирди.
«Прокуратурада көп жылдан бери тергөө жок, азыркы учурда сапаттуу кадрлар жок, анткени көбү жумуштан кетип калышкан. Прокуратурада мурдагыдай райондук жана облустук тергөөчүлөр пайда болот. Менин оюмча, келечекте тергөө департаменти түзүлөт. Азырынча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы иштеп турат», — деди Зулушев.
Ал УКМКнын ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн алышарын, бирок ошол эле мезгилде экстремизм жана терроризм боюнча тергөө иштери ведомстводо каларын кошумчалады.
Прокуратуранын ыйгарым укуктары Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү кеңешинин ишинин алкагында кайрадан каралып жатат. Аталган кеңешти Садыр Жапаров түзгөн жана өзү жетектейт.
ТЕМА БОЮНЧА:Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлдү. Аны Жапаров өзү жетектейт
Бир гана тергөө эле эмес
Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча 11-апрелде өткөн референдумга коюлган Баш мыйзамга ылайык, прокуратуранын ыйгарым укуктары тергөө функциясын кошуу менен гана чектелип калбайт. Азырынча Конституция кабыл алына элек. Конституциянын ушул версиясы боюнча прокуратура «мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт».
Ошондой эле, прокуратура органдары «кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат». «Башка ыйгарым укуктарына» эмнелер кирет, белгисиз — тиешелүү жаңы Конституциялык мыйзам азырынча кабыл алына элек.
Прокуратуранын жана башкы прокурордун кеңейтилген ыйгарым укуктары юристтерди кооптондурган. «Адилет» укуктук клиникасы прокуратуранын ыйгарым укуктары өлкөдөгү соттук-укуктук реформага каршы келет деп белгилеген.
Ал Башкы прокуратурага УКМКнын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана башка укук коргоо жана мамлекеттик органдардын функцияларын өткөрүп берет. Башкы прокуратура жөнөкөй жарандарды, жеке компанияларды жана коммерциялык эмес секторду дагы текшерүү укугуна ээ болот.
Мындан тышкары Конституциянын жаңы долбоору боюнча парламентте мыйзамдарды демилгелөө укугу пайда болот, ошол эле учурда аны жоопко тартуу депутаттардын көпчүлүгүнүн жана президенттин макулдугун милдеттүү түрдө алганда гана мүмкүн болот. Юристтер кыргыз башкы прокурорлорунун көбү өз ишинде жол берген мыйзам бузуулар үчүн соттолгонун эске алганда, муну кылмыш жоопкерчилигине тартуудан «жүйөсүз катуу коргоо» деп эсептешет.
Бирок алардын сунуштары эске алынган эмес. Конституциянын жаңы долбоорун талкуулаган Конституциялык кеңешменин курамына башкы прокурор Зулушев өзү дагы мүчө болгон.
Курманкул Зулушев деген ким?
Зулушев 2000-жылдан тартып прокуратура тармагында түрдүү кызматтарда иштеп, андан соң судьялыкты аркалаган. 2007-жылдан тартып Чүй облусунун Сокулук райсотунун судьясы болуп, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.
Ошол эле жылы Зулушев бийликти күч менен басып алууга шектелген Камчыбек Ташиевдин ишин караган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Зулушевди жана судья Медербек Сатыевди ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматтарынан бошоткон.
Ал учурда Зулушев жана Сатыев «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго актоо өкүмүн чыгарган соттор коллегиясынын курамында болгон. «Ата-Журттун» үч депутатына бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айып тагылган — Ташиев «Кумтөр» алтын кени боюнча нааразычылык акциясында Ак үйдүн тосмосун ашып түшүүгө аракет кылган.
2015-жылы Зулушев «Республика — Ата-Журттун» курамында шайлоого барып, бирок партияга добуш алып келе алган эмес. Бирок ал Жогорку сотко чейин арызданып, акыры депутаттык мандатка ээ болгон.
Депутат катары Зулушев өлкө кайсыл башкаруу жолун тандашы керектиги тууралуу референдум өткөрүү боюнча демилгеси менен эсте калган. Ал президенттик жана парламенттик башкаруунун бирөөсүн тандоону сунуш кылган.
Зулушев демилгесин Конституциянын бардык редакцияларында буга чейин даяр башкаруу формалары жазылганы менен негиздеген. Натыйжада жарандар башкаруу формасы үчүн өзүнчө добуш беришпей, өлкөнүн негизги мыйзамы үчүн добуш беришкен.
Мыйзам долбоорунун тексти боюнча, референдумду 4-октябрда өткөрүү пландалган. Ушул эле күнү өлкөнүн парламентине шайлоо өткөрүү пландалган болчу. Мыйзам долбоору сынга кабылгандан кийин Зулушев мыйзам долбоорун өз демилгеси менен чыгарганын, «бийликтин буйругун аткарбаганын» айткан.
2018-жылы Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелешкен — депутаттар «Президенттин ишмердиги жөнүндө» мыйзамы өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп эсептешкен.
Бул мыйзам мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга негиз болгон. Көп өтпөй Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, экс-президент макамынан ажыратылган.
Курманкул Зулушев 2020-жылдын 21-октябрында, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин башкы прокурор болуп дайындалган. Ага чейин бул кызматта Өткүрбек Жамшитов турган. Жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо ал Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын катарында барган.