Түлеевдин камакка алынган батирлерин сатып жиберген мэриянын экс-кызматкери 16 жылга кесилди

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту алдамчылыкка айыпталган мэриянын мурдагы кызматкери Эрик Ашыралиевди 16 жыл колонияга кесип, 300 миң сом айып пул салды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ашыралиев Ленин райондук администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнө жумушка орношуп, мурдагы мэр Нариман Түлеевден конфискацияланып алынган сегиз батирди мыйзамсыз сатып жиберген.

Соттун чечими менен Ашыралиев 11 жабыркаган жаранга 32 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ага документтерди жасалмалоо жана алдамчылыктын 27 эпизоду боюнча айып тагылды.

Ашыралиев 2019-жылы Баткен облусунда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, Түркияга учуп кетүүнү көздөгөн. Ал келтирген зыяндын өлчөмү 583 миң АКШ доллары деп эсептелген.

Ашыралиев буга чейин алдамчылык жана жасалма документтерди жасалмалоо боюнча соттолуп, беш жылга жатак абакка кесилген. 2017-жылы Ленин райондук администрациясына жумушка орношуп жатканда, ал соттолгондугу тууралуу маалыматты жашырып койгон.

Түлеев деген ким?

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болуп турган учурунда Ататүрк паркынан 21 жер тилкесин жеке колдорго таркатып берген. Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер участогун өзүнүн атасына бөлүп берген.

2012-жылы экс-мэрге борбор калаа үчүн Кытайдан автобустары менен кар тазалоо унааларын сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Түлеев мамлекетке 33 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген. 2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэрди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Түлеев 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Ошону менен катар, келтирген чыгымдары үчүн мамлекеттик казынага 60 млн сом өлчөмүндө айып төккөн.

2016-жылы соттун чечими менен Түлеевге таандык сегиз батир шаардын балансына өткөн. Мэрия бул батирлерди кызматтык батир катары колдонушу керек болчу жана алар менчиктештирилмек эмес.

Ал кезде бийлик Түлеевге жана анын бир туугандарына таандык болгон «Караван» соода борборун, «Сапатком» бизнес-борборун жана кымбат баалуу унааларды конфискациялаган.

2020-жылдын 20-октябрында, парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистин шартында Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалган.

Бирок анын бул кызматка дайындалышы шаар тургундарынын нааразылыгын жараткан. Алар «бийликке репутациясы булганбаган жаңы адамдардын келишин» талап кылышкан. Эки күндөн кийин, 22-октябрда Түлеев биринчи вице-мэрлик кызматынан отставкага кеткен.

2021-жылдын 9-февралында Жогорку сот мурдагы инстанциялардын ага карата чыгарган өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Ленин райсотуна жөнөткөн.