Президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы өлкө башчысы Түркияга жасаган мамлекеттик иш сапарында дайынсыз жоголгон Орхан Инанды маселесин көтөргөнүн билдирди.
«Режеп Тайип Эрдоган [Орхан Инандыны] тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбестигин айтты», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Жапаров Түркияга 9-июнда расмий иш сапары менен барды, өлкө башчысы ал жакта 11-июнга чейин болот. Эки өлкөнүн президенттери иш сапардын алгачкы күнүндө эле өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө боюнча бир катар макулдашууларга жетишти.
Ал арада «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна 11 күн болду. Анын унаасы 1-июнга караган түнү ачык бойдон калып, өзү жоголгон. Күч органдары Инандынын жоголгону боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Түрк басылмалары Инандыны «ФЕТОнун Орто Азиядагы имамы» деп жазып, ал Кыргызстанда кармалганын билдиришкен. Ал эми Инандынын жубайы Рейхан Инанды ал Түркиянын бийлиги тарабынан уурдалып, элчиликтин имаратында кармалып жатканын айтууда. Бирок Түркиянын элчилиги бул маалыматты «нонсенс» деп атаган.
*ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок «Гүлендин кыймылы» бул айыптоолорду четке кагууда.
9-июндагы президенттердин басма сөз жыйынында Эрдоган Жапаров ФЕТО «эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу» аны менен пикирдеш деп билдирди.
«Соңку окуялар ФЕТОнун кандуу, караңгы жана суук жүзүн ачыктады. Кудай буюрса, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу өлкө башчыга Түркиянын кыргыз элине жана мамлекетине болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз кыргыз мамлекетинин жанында болууну улантабыз», — деди Эрдоган.
Анткен менен Жапаров маалымат жыйында ФЕТО тууралуу сөз кылган жок. Президенттин сайтында бул тууралуу сүйлөшүү болгону боюнча маалымат чыккан эмес.
Эрдоган жана «Гүлендин кыймылы»
Диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык «Гүлендин кыймылы» же «Хизмет» уюмуна караштуу делген «Себат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 1992-жылдан тарта жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө уюмга өлкө боюнча 16 лицей, Эл аралык «Ала-Тоо» университети, Эл аралык «Силк Роад» мектеби жана 4 толук эмес жалпы билим берүү мектеби таандык.
Аталган билим берүү мекемесине таандык окуу жайларда өлкө боюнча 10 миңден ашуун окуучу жана студент билим алышууда. Жалпысынан дүйнөнүн 150дөй өлкөсүндө Гүленге таандык делген 1 400 мектеп бар болгону маалымдалат.
2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Себат» мекемесин «Сапатка» алмаштырып, негиздөөчүлөрдүн катарына Билим берүү жана илим министрлигин коштурган.
«Сапаттын» директору Нурлан Кудайбердиев алар Гүлен менен «формалдуу эмес» мамиледе болгонун жана диний ишмердин эсебинен каржыланбай калышканын айткан.
Гүлен Түркиядан АКШга 1999-жылы дарыланууга чыгып кетип, ошол боюнча мекенине кайткан эмес — буга мурдагы өнөктөшү, учурдагы Түркиянын президенти Режеп Эрдоган менен пикир келишпестиги себеп болгон.
Эрдоган жана Гүлендин ортосундагы кастык 2016-жылы күчөгөн. Ал жылы 16-июнга караган түнү Түркиянын Анкара шаарында аскерлердин тобу «мамлекеттик төңкөрүштү» уюштурууга аракеттенген. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.
Кийинчерээк Эрдоган бул төңкөрүштө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айыптап, миңдеген кишилер кармалган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке каккан. Түрк бийлиги бул окуялардан кийин дүйнө боюнча Гүленге таандык делген мектептерди жабууну жана ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү сурана баштаган.
Мисалы, 2019-жылы Түркия «Сапаттын» мугалимдери Синан Йылмаз жана Санжар Абдулхакимди, ошондой эле Орхан Инандыны аларга өткөрүп берүүнү суранышкан. Башкы прокуратурасы бул өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырып, Йылмаз жана Абдулхакимди Түркияга өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алган. Алар УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген болчу.
Ал эми Инанды 2012-жылы кыргыз жарандыгын алгандыгы үчүн ал Түркияга берилген эмес.
Йылмаз жана Абдулхакимдин жактоочулары алар Кыргызстандан башпаанек сураганын билдиришкен. Мында улам 2019-жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту, кийинчерээк Бишкек шаардык соту прокуратуранын токтомун жокко чыгарган.
Ошол эле жылдары түрк бийлиги чет өлкөлөрдөн ФЕТОго катыштыгы бар делген кишилерди кармап, Түркияга жеткирүү аракетин көрүп баштаган. Биринчилерден болуп Монголиядагы «Гүлендин кыймылына» таандык лицейинин мугалими Вейсел Аксай уурдалган.
Белгисиз кишилер Аксайдын үйүнүн алдынан уурдашып, аны Улан-Батордогу «Чыңгыз-Хан» аэропортуна конгон түркиялык учакка отургузууну көздөшкөн. Бирок Монголиянын бийлиги буга жол бербей, Аксай бошотулган.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 31-майында Түркиянын Улуттук чалгын кызматы Фетхуллах Гүлендин жээни Селахиддин Гүленди кармап, Түркияга жеткирген. Маалыматка ылайык, Гүлен Кениядагы атайын операциянын натыйжасында кармалган.