ТИМ: Түркиянын элчиси Орхан Инанды элчиликте деген маалыматты төгүндөдү

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган 10 күн мурун дайынсыз жоголгон Орхан Инанды «элчиликтин имаратында кармалып жатат» деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев 8-июнда билдирди.

«Кечээ биз Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукканда ал киши маалымат берди: “Орхан Инанды Түркиянын элчилигинин имаратынын ичинде деген бул нонсенс, ал чындыкка жатпайт” деген сөзүн айтты», — деди Артыкбаев.

Парламенттик отурумунда болгон ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Түркиянын элчилигинде текшерүү жүргүзүү үчүн ТИМге кат жиберилгенин билдирди.

«Биз ТИМге эки жолу кайрылуу жолдодук, жообун алдык. Кийинчерээк өзүбүздүн линия аркылуу да сүйлөштүк. Дайынсыз жоголгондун жубайы [Рейхан Инанды] менен “ал [Орхан Инанды] элчиликтин имаратында кармалып жатат” деген маалымат кайдан келгени боюнча да сүйлөштүк. Тилекке каршы ал маалыматты башкы өлкөдөгү байланыштар менен алыптыр, ошондуктан маалымат берген адам менен сүйлөшө албадык. Элчилик да ал алардын аймагында болбогонун айтууда. Өз кезегинде кечеги Жогорку Кеңештеги талкуудан кийин биз элчиликте текшерүү жүргүзүү үчүн тиешелүү кагаздарды кайрадан ТИМге жибердик», — деди Абдиев.

Буга чейин Айбек Артыкбаев Вена конвенциясына таянып, элчиликтердин имараттарында тинтүү жүргүзүүгө тыюу салынганын билдирген. Анын айтымында, күч органдар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алгач ТИМге кайрылышы керек. Өз кезегинде ТИМ элчиликке атайын нота менен кайрылып, тинтүү жүргүзүүгө уруксат алышы кажет.

Орхан Инандынын жоголушу

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалан.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Мындан улам 1-июндан тартып Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар өтүп жатат.

Мындан сырткары, 2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан. Алар Орхан Инандыны аман-эсен табууну жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоону талап кылышкан.

Инандынын жоголуусуна өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы үн катып, УКМК менен ИИМге дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал эми ИИМ «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ошондой эле ИИМ Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланганын кабарлады.